Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жаңы судья тааныштырылды

23.04.2026

Бүгүн  Конституциялык сотунда сот жамаатына Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жаңы судьясы — Бакыт Амантуровна Кыдыралиева расмий түрдө тааныштырылды.

 

Жаңы судьяны жамаатка Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырып, Бакыт Амантуровнаны шайланышы менен куттуктап, мындан аркы кесиптик ишмердигине ийгиликтерди каалады.Бакыт Амантуровна Кыдыралиева Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан талапкерлиги каралып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы кызматына шайланды.

 

Бакыт Амантуровна 1976-жылдын 6-сентябрында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылында төрөлгөн. 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

 

Эмгек жолун адвокатура тармагында баштаган. Ар кайсы жылдары адвокат болуп эмгектенген, парламенттин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча профилдик комитетинде улук консультант кызматын аркалаган, Бириккен Улуттар Уюмунун долбоорлорунда укуктук жана конституциялык маселелер боюнча эксперт болуп иштеген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Сот адилеттиги маселелери боюнча кеңештин мүчөсү болгон.

 

Тааныштыруу учурунда Конституциялык соттун судьялары жана аппараттын кызматкерлери Бакыт Амантуровнаны судья болуп дайындалышы менен куттуктап, кесиптик ишмердүүлүгүндөгү мындан аркы ийгиликтерди каалашты.