Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын жамааты өлкө аймагында өткөрүлүп жаткан жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлерге бекитилген аймакта тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү: таштандылар жыйналып, арыктар тазаланып, жөө адамдар өтүүчү жолдор, жашыл аймактар жана чектеш тилкелер иретке келтирилди. Биргелешкен эмгек жогорку уюшкандыкта өттү.
Мындай иш-чараларга катышуу — бул шаарды көрктөндүрүүгө кошкон салым гана эмес, тазалык маданиятын жайылтуу, жаратылышка аяр мамиле кылуу жана коомдук жоопкерчиликти бекемдөө болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга, айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого, башкалардын эмгегин урматтоого жана өлкөбүздүн экологиясына биргелешип кам көрүүгө чакырат.







