Меню навигации+

Кыргыз улуттук университетинде Конституционализм борборунун ачылышы жана Нурбековдун окуусу өттү

30.05.2023

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Меергул Бобукеева Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтунун конституциялык жана административдик укук кафедрасынын алдындагы конституционализм борборунун расмий ачылышына катышты. Бул маанилүү окуя Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган.

Конституционализм борборлорун түзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 112 Токтому менен бекитилген Конституциялык соттун демилгеси, ал эки жогорку окуу жайда – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жана Ош мамлекеттик университетинде ишке ашырылат (http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/159992).

Борбордун ачылыш аземинин алкагында “Кыргыз Республикасында конституционализмдин өнүгүшү – демократиялык мамлекеттин калыптанышынын негизи” темасына арналган Нурбеков окуусу өттү. Бул иш-чара Кыргызстандагы юридикалык илимдин жана конституциялык укуктун өнүгүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү юридика илимдеринин доктору жана профессор Кубаныч Нурбековдун урматына аталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Конституциялык сот Кыргыз Республикасында конституциялык укукту жана анын демократиялык принциптерди жана укуктук тартипти өнүктүрүүдөгү ролун изилдеген студенттер, окумуштуулар жана практик юристтер үчүн маанилүү ресурс болуп кала турган баалуу китептер жыйнагын өткөрүп берди.

Конституционализм борборунун ачылышы жана Нурбеков окуусун өткөрүү Кыргыз Республикасынын өзүнүн конституциялык укугун өнүктүрүүгө жана демократиялык баалуулуктарды бекемдөөгө умтулуусун чагылдырат. Бул демилгелер укуктук билим берүүнү өркүндөтүүгө жана татаал укуктук маселелерди чечүүгө жана өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга жөндөмдүү күчтүү юридикалык кесиптин калыптанышына көмөктөшөт.

Судья Меергуль Рыскулбековна өз сөзүндө ЖОЖдордогу конституционализм борборлору илимий изилдөөлөр, билим берүү программаларын өнүктүрүү жана Кыргызстанда конституциялык укук тартибин жана демократиялык принциптерди бекемдөөгө багытталган иш-чараларды өткөрүү үчүн маанилүү платформа болуп калат деген үмүтүн билдирди.