Меню навигации+

Конституциялык соттун судьялары Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттарынын ассоциациясынын Изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар боюнча туруктуу катчылыгынын 4-эл аралык симпозиумуна катышты

02.06.2023

2023-жылдын 1-майынан 2023-жылдын 1-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары Чинара Айдарбекова жана Лунара Жолдошева Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттарынын ассоциациясынын Изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар боюнча туруктуу катчылыгынын 4-эл аралык симпозиумуна катышты. Иш-чара Түштүк Кореянын Сеул шаарында “Сот адилеттигине жетүү: конституциялык перспективалар” темасынын астында өттү.

Симпозиумдун уюштуруучусу Азия конституциялык сотторунун ассоциациясынын Туруктуу катчылыгынын жана АКСАнын ишмердүүлүгүнүн алкагында Изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар боюнча шайкеш институттардын функцияларын ишке ашырган Кореянын Конституциялык соту болду.

Симпозиумдун ишине Азия ассоциациясынын мүчөлөрү, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдүн конституциялык юстиция органдарынын төрагалары жана судьялары катышты. Чынара Айдарбекова “Жарандардын сот адилеттигине жетүүсүн камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун салымы” темасында баяндама жасап, анда аталган маселе боюнча Конституциялык соттун тажрыйбасын келтирди.

Кореянын Конституциялык соту жана АКСА ассоциациясынын Изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар боюнча туруктуу катчылыгы уюштурган иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар сот адилеттигине түз жана кыйыр жетүүнүн ар кандай аспектилерин, иштерди соттук тартипте кароонун алгылыктуулугу жана мүмкүндүгү маселелерин, ошондой эле институттук чыпкалоо механизмдеринин иштешин жана укуктук коргоонун жеткиликтүү формаларын талкуулашты.

Жалпысынан Симпозиумдун катышуучулары сот адилеттигине жетүү жаатында тажрыйба алмашты, учурдагы көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун талкуулашты, ошондой эле Азия регионунда конституциялык контролдоо органдарынын ишин өркүндөтүү максатында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүүгө даяр экендиктерин билдиришти.