Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соттун судьялары ШКУга мүчө-мамлекеттердин судьялары үчүн семинарга жана Кытай – ШКУ Аймактык сотторунун судьяларынын Форумуна катышышты

28.09.2023

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары Жолдошева Л.Ч. жана Шаршеналиев Ж.А. КЭРдин Циндао жана Ханчжоу шаарларында өткөн ШКУга мүчө-мамлекеттердин судьялары үчүн үстүбүздөгү жылдын 7-23 – сентябрында КЭРдин коммерция министрлиги жана Шандунь тышкы соода кесиптик колледжи тарабынан уюштурулган окуу семинарына катышты.

Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар Кытайдын тарыхы, маданияты, “Бир алкак – бир жол” демилгесин ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп жаткан Циндао элдик сотунун динамикалуу соттук иш-чаралары, бул жаатта укуктук кызматташтыкты илгерилетүү боюнча сунуштары, КЭРдин укуктук жана сот системасы, Эркин соода аймагындагы Мыйзамдын үстөмдүгүнүн практикасы жана  инновациялары, актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу жана талкууларды өткөрүү менен соттук-укуктук чөйрөнү реформалоодо  КЭРдин тажрыйбасы менен таанышты.

Семинардын  программасына Шандунь провинциясынын Циндао шаарында жайгашкан Эл аралык “Кытай-ШКУ  көргөзмө аймагынын Бермети» Экспоборборуна,  Циндао шаарынын элдик ортомчу борборуна, Адвокаттык бюросуна, Административдик кызмат көрсөтүүлөр борборуна, Ханчжоу шаарында жайгашкан Сиху көлүнө  жана Кытайдын башка административдик имараттары, маданий-тарыхый кызыктуу жерлерине  баруулар киргизилген.

Ошондой эле Конституциялык соттун судьялары 19-20-сентябрда КЭР сот тутумунун жогорку жетекчилигинин катышуусунда өткөн Кытай-ШКУ Аймактык сотторунун судьяларынын форумуна катышты. Форумда акыйкаттуулукту жана натыйжалуулукту өнүктүрүү аркылуу сотторго болгон ишенимди бекемдөө, коммерциялык келишимдерге байланыштуу иштерди кароонун механизмдери жана эрежелери, трансчек аралык кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө сот органдарынын эл аралык кызматташтыгынын  маселелери талкууланды жана ювеналдык юстиция жаатында тажрыйба менен алмашуулар болду.

ШКУга мүчө- мамлекеттердин судьялары  үчүн  семинардын катышуучуларына  өткөрүлгөн  иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча   сертификаттар тапшырылды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Л.Ч. Жолдошева,  Шандунь тышкы соода кесиптик колледжинин тышкы байланыштар боюнча Кыргыз Республикасындагы жооптуу адамы болуп дайындалды.