Меню навигации+

Кыргызстанда “Конституция укуктук, демократиялык мамлекетти курууда негиз катары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт

19.06.2023

2023-жылдын 21 жана 22-июнунда Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Иш-чара “Конституция укуктук, демократиялык мамлекетти куруунун негизи катары” деген аталышты алып, дүйнөнүн 16дан ашык өлкөсүнүн конституциялык контролдоо органдарынын жана ага шайкеш институттарынын өкүлдөрүн чогултат.

 

Конференция конституциялык сот адилеттигинин ролун жана анын укуктук, демократиялык мамлекеттин калыптанышына тийгизген таасирин талкуулоо үчүн маанилүү платформа болуп саналат. Иш-чаранын катышуучулары конституциялык контролдоо жаатында өз өлкөлөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүшөт, ошондой эле конституциялык контролдоо органдарынын глобалдык өзгөрүүлөр доорундагы  чакырыктар жана перспективалар менен байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулашат.

 

Конференциянын алкагында төмөнкү темаларды талкуулоо пландаштырылууда:

  1. Укуктук жана демократиялык мамлекеттин калыптанышында конституциялык мурастын жана конституциялык сот адилеттигинин ролу;
  2. Глобалдык өзгөрүүлөр доорундагы конституциялык контролдоо органдарынын милдеттери: чакырыктар жана перспективалар;
  3. Коомго конституциялык баалуулуктарды илгерилетүүдө чет өлкөлөрдүн конституциялык контролдоо органдарынын тажрыйбасы.

Программа менен таанышуу