Меню навигации+

Мектептин окуучулары Конституциялык сотко келип, судьялар менен жолугушту

23.05.2023

2023-жылдын 19-майында Бишкек шаарынын  Аалы Токомбаев  атындагы №24 орто мектептин окуучулары Конституциялык сотко келип, судьялар менен жолугушту.

 

Конституциялык сот тарабынан уюштурулган иш-чара Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналып, жаштарды юриспруденцияга тартууга багытталган.

Жаш катышуучулар Конституциялык соттун ишине жана анын жалпы жарандардын күнүмдүк жашоосуна тийгизген таасирине байланыштуу чоң кызыгуу көрсөтүштү жана ар кандай суроолорду беришти. Тажрыйбалуу судьялар менен жолугушуу окуучуларга Кыргызстандын сот системасын негиздеген принциптер жана баалуулуктар жөнүндө түшүнүк алууга мүмкүндүк берди.

 

Экскурсиянын катышуучуларынын бири  “Конституциялык сот бизге ушундай мүмкүнчүлүк бергенине кубанычтабыз. Бул адилеттик дүйнөсүнө кызыктуу саякат болду. Биз судьяларга өз тажрыйбалары менен ачык бөлүшкөнгө даярдыгы үчүн ыраазыбыз “, – деп белгиледи.

 

Конституциялык сот тарабынан өткөрүлүп жаткан мындай иш-чаралар жаштарды юриспруденцияга тартуу жана коомдо укуктук маданиятты өнүктүрүү үчүн маанилүү. Алар мектеп окуучуларына Конституциянын маанисин жана анын өлкөдөгү мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү калыптандыруудагы ролун түшүнүүгө жардам берет. Конституциялык сотко баруу жана судьялар менен жолугушуу жаштардын укуктук илимдерге болгон кызыгуусун арттырып, Кыргыз Республикасынын укуктук турмушуна активдүү катышкан жарандардын жаңы муунун түзүүгө өбөлгө түзөт.