Меню навигации+

Экологиялык сот адилеттигине жетүү маселелери боюнча судьялардын эл аралык конференциясы Чолпон-Ата шаарында өттү

18.09.2023

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев Чолпон-Ата шаарында өткөн экологиялык сот адилеттигине жетүү боюнча эл аралык конференцияга катышты. Бул иш-чаранын демилгечилери – Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргызстандын Судьялар Ассоциациясы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын, USAIDдин “Укук булагы” долбоорунун колдоосу менен өттү.

Конференцияга ар кайсы өлкөлөрдүн: Азербайжан, Армения, Казакстан, Молдова, Тажикстан, Өзбекстандын сот тутумдарынын 100гө жакын өкүлдөрү, ошондой эле экологиялык эксперттер, министрликтердин жана ведомстволордун, ПРООН, БУУнун ЕЭК, ЮСАИД сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү  катышты.

Конференциянын негизги максаты экологиялык укуктарды жана адилеттүүлүк саясатын ишке ашырууда сот тутумдары менен башка кызыкдар тараптардын ортосундагы аймактык кызматташтыкты чыңдоо болду.

“Урпактарыбызга кандай мурас калтырабыз өзүбүздөн гана көз каранды. Айлана-чөйрөнүн бүгүнкү кейиштүү абалы, коргоо боюнча радикалдуу чараларды көрүү зарылдыгын көрсөтүп турат.

Акыркы он жылдыктын тажрыйбасы көрсөткөндөй, бул маселени экологиялык көйгөйлөргө кыйла натыйжалуу чара көрүүгө мүмкүндүк берүүчү укуктук механизмдердин системасын түзүү менен гана чечүүгө болот. Мындай механизм катары натыйжалуу сот адилеттиги гана каралат, ал курч маселелерди ыкчам чечүүгө жана экология чөйрөсүндө белгиленген талаптарды так аткарууга мүмкүндүк берет.”- деп белгиледи Э.Осконбаев өз сөзүндө.