Меню навигации+

Кыргызстандын Конституциялык соту кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтат

17.09.2022

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары жана Аппаратынын кызматкерлери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында курман болгон мекендештердин эрдигин эч качан унутпайт.
Баткен облусунда болуп жаткан окуялар тууралуу кайгылуу кабар биздин өлкөнүн бейкүнөө жарандары жапа чегип, бир да адамды тынч калтырбайт.
Ушул оор күндөрдө каза болгондордун жакындарына көңүл айтабыз жана чыр-чатактын жүрүшүндө жабыркагандарга тез сакайып кетишин каалайбыз.
Ал эми биздин эр жүрөк Мекенди коргоочуларга айткыбыз келет:
– Сиз биздин бүт элибиздин үмүтүсүз. Элге эр кымбат, эрге эл менен жер кымбат!
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жамааты бир күндүк эмгек акыны кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын жүрүшүндө жабыр тарткан Баткен облусунун тургундарын колдоо фондуна которуу чечимин кабыл алды.

 

Чек арадагы кырдаалды тез арада турукташтырууга үмүт артабыз.