Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын эки бош кызмат ордуна конкурстук тандоо жарыяланды

09.09.2022

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын эки бош кызмат ордуна конкурстук тандоо жарыяланды.

Документтер 2022-жылдын 6-сентябрынан 19-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин катчылыгында кабыл алынат.

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьялары Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушуна негизделген Президенттин сунуштамасы боюнча, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эске алуу менен курагынын чегине жеткенге чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес бөлүгүнүн добушу менен шайланат.

Кененирээк