Меню навигации+

Конституциялык соттун судьясы Мукамбет Касымалиев “Даңк” медалы менен сыйланды

07.09.2022

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишмердиктеги чоң жетишкендиктери үчүн Конституциялык соттун судьясы Мукамбет Шадыканович Касымалиев “Даңк” медалы менен сыйланды.
“Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту өлкөбүздүн жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин тийиштүү деңгээлде коргойт, иш коомго да, мамлекетке да пайда алып келиши үчүн бардык күч-аракеттерин жумшайт. Мен үчүн, Конституциялык соттун судьясы катары-бул маанилүү учур. Мамлекет салымды баалаганы – бул андан ары жакшыртууга түрткү кылганы”,- деди ал.