Меню навигации+

Конституциялык соттун судьялары “Конституциялык реформалардын контекстинде сот бийлигинин көз карандысыздыгы” эл аралык конференциясына катышууда 

16.09.2022

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев жана #ConstsotKG судьялары Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясынын (Венеция комиссиясы) колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку соту уюштурган “Конституциялык реформалардын контекстинде сот бийлигинин көз карандысыздыгы” эл аралык конференциясына катышууда.

Эмил Осконбаев: “Конституциялык баалуктарды ойдогудай коргоо бардык бийлик бутактарынын макулдашып иштешүүсүнө жана өз ара аракеттенүүсүнө бүтүндөй көз каранды.”,- деп өзүнүн “Сот бийлигинин мамлекеттик бийликтин башка бутактары менен өз ара иштешүүсүнүн чектери” темасындагы баяндамасында белгилеп кетти.

Биздин Конституция мамлекеттик бийликтин үчилтигинин башында туруп, алардын шайкеш иштөөсүн камсыз кылууну биринчи кезекке коёт, бир жагынан, бул демократиялык жана укуктук мамлекеттин кепилдиги, ал эми, экинчи жагынан, бул бийликтин бир бутакта топтолушуна жана аны кыянаттык менен колдонууга каршы иштеген зарыл шарт, – деди ал.

Баяндама толугу менен сайтта жана constsot.kg соцтармакта кийинчерээк жайгаштырылат.