Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттары менен сыйлоо

13.09.2022

2022-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен, мыйзамдуулукту жана укук тартибин бекемдөөгө кошкон салымы үчүн жана Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүн майрамдоонун урматына Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Латип Пазылович Жумабаев КР Президентинин энчилүү сааты менен сыйланды.
Белгилей кетсек, тескемеге ылайык, Кыргызстандын Кылмыш-жаза мыйзамдарын иштеп чыгууга катышкандыгы үчүн ведомствонун эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын аналитика бөлүмүнүн улук консультанты Жайнагуль Кубанычбековна Аширматова да энчилүү саат менен сыйланды.
#ConstsotKG Аппаратынын ынтымактуу жамааты Латип Пазыловичти жана Жайнагуль Кубанычбековнаны татыктуу сыйлык алгандыгы менен куттуктайт.