Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты
2026-жылдын 1-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан уюштурулган «Сот тутумунун көз карандысыздыгын жана кадыр-баркын чыңдоонун укуктук маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга Россия Федерациясынан анын Жогорку сотунун Төрагасы Игорь Краснов катышты. Ошондой эле иш-чарага Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын сот органдарынын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.
Конференциянын жүрүшүндө сот бийлигинин көз карандысыздыгы, аны финансылык жактан камсыз кылуу, сот адилеттигин санариптештирүү, судьяларды даярдоо жана соттун кадыр-баркын жогорулатуу маселелери талкууланды. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев азыркы шарттарда сот бийлигинин көз карандысыздыгы өз ара байланышкан үч багытта — укуктук, финансылык жана санариптик багыттарда камсыз кылынууга тийиш экендигин белгиледи. «XXI кылымда сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кылган бери дегенде эле үч – укуктук, финансылык жана санариптик ченеми болушу керек», — деп баса белгиледи ал.
Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары да катышты. Конституциялык соттун судьясы Чинара Айдарбекова «Кыргыз Республикасындагы сот бийлигинин көз карандысыздыгынын конституциялык-укуктук аспектилери» деген темада баяндама жасады. Ал сот бийлигинин көз карандысыздыгы судьялардын артыкчылыгы эмес, адам укуктарын жана Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуучу конституциялык кепилдик экендигин белгиледи. Ошондой эле судьялардын өз алдынча башкаруусунун ролуна, Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун өз ара аракеттенүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Конференциянын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен Россия Федерациясынын Жогорку сотунун ортосунда, ошондой эле В.М. Лебедев атындагы Россия мамлекеттик сот адилеттиги университети менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттиги жогорку мектебинин ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимдерге кол коюлду.








