Грузиянын Конституциялык сотуна 30 жыл: конституциялык көзөмөлдүн ролу жөнүндө эл аралык диалог
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев Грузиянын Конституциялык сотунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Укуктук мамлекеттеги конституциялык көзөмөлдүн ролу» аттуу эл аралык конференцияга катышууда. Конференция 2026-жылдын 4–6-ноябрында Батуми шаарында өтүүдө.
Юбилейлик конференцияга 17 өлкөнүн конституциялык көзөмөл органдарынын жетекчилери жана судьялары, жогорку сот инстанцияларынын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Катышуучулардын арасында Грузиянын Президенти Михаил Кавелашвили, Премьер-министри Ираклий Кобахидзе, Парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили, Конституциялык сотунун төрагасы Реваз Надарая, Жогорку сотунун төрагасы Нино Кадагидзе, ошондой эле адам укуктары боюнча европалык институттардын өкүлдөрү бар.
Конференциянын алкагында Эмиль Осконбаев «Кыргыз Республикасында конституциялык көзөмөлдүн тарыхый өнүгүшү» деген темада баяндама жасады. Ал өлкөдө конституциялык көзөмөлдүн калыптанышынын жана өнүгүшүнүн негизги этаптарына токтолуп, ар кайсы тарыхый мезгилдерде анын укуктук статусу менен ыйгарым укуктарында болгон өзгөрүүлөрдү белгиледи.
Баяндамада конституциялык көзөмөлдүн адам укуктарын коргоодогу ролуна өзгөчө көңүл бурулду. Мисал катары Конституциялык соттун өлүм жазасын калыбына келтирүү маселеси боюнча корутундусун келтирген. Эмиль Осконбаев бул жааттагы чечимдер Конституцияда каралган кепилдиктерди, жашоо укугун жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен кабыл алынышы керектигин баса белгиледи.







