Конституциялык сот Юстиция министрлигинин кызматкерлери үчүн Конституционализм мектебин өткөрдү
7-октябрда Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлери үчүн Конституционализм мектебин өткөрдү. Иш-чаранын максаты — мамлекеттик кызматкерлердин конституциялык сабаттуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик ишмердикте конституциялык принциптерди колдонуу боюнча практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу.
Окуунун жүрүшүндө Конституциялык соттун Айдарбекова Чинара Аскарбековна жана Бобукеева Меергуль Рыскулбековна Конституциялык соттун ролу, конституциялык сот өндүрүшү, конституциялык сот адилеттигинин принциптери, ошондой эле Конституциялык соттун чечимдеринин юридикалык күчү жана аларды аткаруу маселелери боюнча лекцияларды жана практикалык семинарларды өткөрүштү.
Катышуучулар соттук практиканын негизинде конкреттүү укуктук жагдайларды талдап, чакан топтордо практикалык тапшырмаларды аткарып, мамлекеттик органдардын ишмердигинде конституциялык принциптерди колдонуу маселелерин талкуулашты. Школанын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.








