Меню навигации+

Самаркандда Азия конституциялык сотторунун жана ага теңештирилген институттарынын ассоциациясынын VII Конгресси өттү

02.10.2026

2026-жылдын 1–2-октябрында Самарканд шаарында Азия конституциялык сотторунун жана ага теңештирилген институттарынын ассоциациясынын VII Конгресси «Санариптештирүү жана жасалма интеллект шарттарындагы конституциялык сот адилеттиги» деген темада өттү. Конгресстин ишине 20дан ашык өлкөнүн конституциялык жана жогорку сотторунун жетекчилери жана өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле алдыңкы окумуштуу-укук таануучулар катышты. Азия конституциялык сотторунун жана ага теңештирилген институттарынын ассоциациясына 22 өлкө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын атынан Конгрессте Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмил Жолдошевич Осконбаев өкүлчүлүк кылды. Ал санариптештирүүнүн жана жасалма интеллекттин конституциялык аспектилерине арналган баяндама жасады. Баяндаманын өзөгүн мамлекеттик башкарууда жана сот адилеттиги чөйрөсүндө санариптик технологиялар жана жасалма интеллект активдүү колдонулуп жаткан шартта конституциялык кепилдиктерди камсыз кылуу маселеси түздү. Эмил Осконбаев жасалма интеллектти көмөкчү каражат катары колдонууга болорун, бирок ал соттун көз карандысыз укуктук баа берүүсүн алмаштырбашы керектигин белгиледи. Мындай технологияларды колдонууда алгоритмдердин ачыктыгын жана текшерилишин камсыз кылуу, жеке маалыматтарды коргоо, басмырлоого жол бербөө, ошондой эле адамга кабыл алынган чечимдин негиздери жөнүндө маалымат алуу жана аны натыйжалуу даттануу мүмкүнчүлүгүн берүү зарылдыгына көңүл бурду.

 

Ошондой эле Э. Осконбаев «Конституциялык көзөмөлдөгү жасалма интеллект: мүмкүнчүлүктөрү, укуктук чектери жана процессуалдык кепилдиктер» аттуу II пленардык жыйында модератор катары сөз сүйлөдү. Жыйындын катышуучулары  конституциялык көзөмөл органдарынын ишинде жасалма интеллектти колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн жана адам укуктарын коргоо үчүн зарыл болгон укуктук кепилдиктерди талкуулашты.

 

Конгресстин жыйынтыгы боюнча катышуучулар Самарканд декларациясын кабыл алышты. Анда санариптик трансформациялоо шартында Конституциянын үстөмдүгүнө, сот бийлигинин көз карандысыздыгына, адам укуктарына жана мыйзамдын үстөмдүгүнө берилгендик ырасталды. Документте ошондой эле сот адилеттигинде жасалма интеллектти колдонууга байланыштуу жалпы мамилелер, анын ичинде адамдык контролду  камсыз кылуу, ачыктык, маалыматтарды коргоо, басмырлоого жол бербөө жана укуктук коргоонун натыйжалуу каражаттарын камсыз кылуу маселелери чагылдырылды.

 

Конгресстин жүрүшүндө Ассоциацияга кийинки төрагалык кылуунун кезектүүлүгү да аныкталды.

2027–2029-жылдары Ассоциацияга Филиппин Республикасы, ал эми 2029–2031-жылдары Кыргыз Республикасы төрагалык кылат. Төрагалыктын белгиленген кезектүүлүгүн Ассоциациянын бардык мүчөлөрү колдоду.