Меню навигации+

Конституциялык сотто Мамлекеттик тил күнү белгиленди

23.09.2026

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

 

Майрамдык программа кыргыз тилинин көркөмдүгүн, байлыгын жана тереңдигин чагылдырган чечендик жана көркөм сөз өнөрүнө арналды. Аппараттын кызматкерлери эне тил тууралуу ырларды көркөм окуп, элдин кылымдар бою топтогон тажрыйбасын жана руханий баалуулуктарын камтыган макал-лакаптарды жана учкул сөздөрдү айтып беришти. Иш-чаранын өзгөчө бөлүгү катары акын Темирбек Матыбаев комуздун коштоосунда өнөр тартуулап, кыргыз тилинин күчүн, байлыгын жана көркөмдүгүн даңазалады. Майрамдык программаны улуттук бийлер коштоду.

 

Өз сөзүндө Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Осконбаев кыргыз тили кылымдарды карыткан тарыхый жолду басып өтүп, элдин тарыхын, топтогон тажрыйбасын жана каада-салтын муундан муунга өткөрүп келгенин белгиледи. Ал бул руханий мурастын улуулугун «Манас» эпосу айгинелеп турарын айтып, кылымдар бою ооздон оозго, устаттан шакиртке, муундан муунга өтүп келген улуу эпостун ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын бир бөлүгү катары таанылганына токтолду.

 

Ошондой эле кыргыз тилинин укуктук чөйрөдөгү ордуна өзгөчө көңүл бурулду. Төрага Конституциялык соттун чечимдери мазмуну терең, негиздүү жана салмактуу болуу менен бирге, ар бир адамга түшүнүктүү тилде жазылышы зарылдыгын белгиледи. Анткени ар бир чечимдин артында адамдын укуктары жана эркиндиктери турат. Ошондуктан юридикалык тактык менен коомчулукка түшүнүктүүлүктүн айкалышы өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.

 

Конституциялык соттун судьясы Кырккелди Кыдырбаев да кесиптештерин жана Соттун Аппаратынын кызматкерлерин Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, кыргыз тилинин улуттук маданиятты, элдин өзгөчөлүгүн жана муундар ортосундагы байланышты сактоодогу маанисин белгиледи.