Меню навигации+

Конституциялык сотто Ачык эшиктер күндөрү уланууда

06.11.2026

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту келечектеги юристтер үчүн эшигин кайрадан ачты. Бул жолу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Юридикалык академиянын студенттери болушту.

 

Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер соттун ишмердүүлүгү, ыйгарым укуктары жана иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү менен таанышты. Программанын кийинки бөлүгүндө Конституциялык соттун судьясы Бобукеева Мээргүл Рыскулбековна менен жолугушуу уюштурулду.

 

Ал студенттерге Кыргыз Республикасында конституциялык көзөмөлдүн калыптануу жана өнүгүү тарыхы, Конституциялык соттун Конституцияны, адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоодогу ролу тууралуу айтып берди. Студенттер ачык диалог форматында өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, судьянын ишмердүүлүгүнүн практикалык жактары жөнүндө маалымат алышты.

 

Мындай жолугушуулар келечектеги юристтерге жаңы билимдерди алууга гана эмес, конституциялык укуктун иш жүзүндө кандайча колдонуларын жакындан таанып-билүүгө да мүмкүнчүлүк түзөт.