Меню навигации+

«Өзгөчө абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

04.03.2021

Конституциялык палата «Өзгөчө абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан берене өзгөчө абал мезгилинде жарандарды 48 сааттан ашуун убакытка  кармоого жол берген жана мындай кармоонун мыйзамдуулугун сот  тарабынан кароону камсыз кылбаган бөлүктө Конституциянын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө, 24 беренесинин 4-бөлүгүнүн биринчи, экинчи абзацтарына карама-каршы келет деп тааныды.

 

Конституциялык палата өзүнүн чечиминде өзгөчө абалдарды укуктук жөнгө салуу коомдун коопсуздугу үчүн жана мамлекет үчүн пайда болгон коркунучтарды жоюунун өзгөчө негизделген чарасы деп белгилеген. Ал өзгөчө чараларды колдонууда өзүм билемдикке жол бербес үчүн зарыл.

 

Кармоо эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон конституциялык укукту чектөөнүн бир түрү болуп саналат, кармалган адамдын укуктук тартиптин жана коомдук коопсуздуктун, жоопкерчиликтен качуунун жана иштердин сотто калыс териштирүүлүсүнүн конституциялык маанилүү максаттарында жүрүү эркиндигин чектөөгө багытталган.

 

Бирок эч ким соттун чечими болмоюн 48 сааттан ашуун мөөнөткө кармалышы мүмкүн эмес, ар бир кармалган адам кармалган учурдан тартып 48 сааттык мөөнөт аяктаганга чейин тездетилген тартипте жана ар кандай учурда кармоонун мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилиши керек (Конституциянын 24-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 2-абзацтары). Ошону менен Баш Мыйзам өзгөчө абал учурунда жарандын жеке өз алдынчалыгы чөйрөсүнө (автономиясына) негизсиз кийлигишүүдөн алыс болууга жана  аларга карата ашыкча чектөөгө жол бербөөнү талап кылат жана кандай гана болбосун аларды соттун чечими болмоюн 48 сааттан ашуун мөөнөткө мажбурлап кармоого болгон конституциялык тыюуну кармануу керек.

 

Ошентип, эгер кармоо зарыл болгон негиздер менен колдонулган болсо, жасалган жосунга өлчөмдөш болсо жана кармалган адамдын эркиндигин өзүм билемдик менен узак мөөнөттүү чектөө менен коштолбосо, кандай гана болбосун кармоо конституциялык жактан орундуу болуп эсептелиши мүмкүн.

 

Талашылып жаткан берене коменданттык сатты бузган адамды соттун чечимисиз 48 сааттан ашуун мөөнөткө кармоого жол берет, бул ар кимдин эркиндикке жана жеке кол тийгистикке болгон укугун жол берилгис чектөө болуп саналат.

 

Кармоонун мөөнөтүн белгилөөдө ал өзгөчө абалдын колдонулушу менен акталбайт, анткени Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес (20-берененин 3-бөлүгү).

 

Андан тышкары, бардык адамдар (жактар) сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуш керек, анын ичинде өзгөчө абал мезгилинде дагы кармоонун мыйзамдуулугун билүү же аны жокко чыгаруу үчүн сотту пайдалана алгандай болуш керек.