Меню навигации+

КРнын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 121-беренесинин 13-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

15.06.2022

Бүгүн, 2022-жылдын 15-июнунда Конституциялык сот Өмүркул уулу У., М.Ж. Турганбаевдин КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 121-беренесинин 13-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусу боюнча ишти карады.

 

Талашылып жаткан ченемге ылайык мүлккө камак салуу чарасын колдонуунун зарылдыгы жок болгондо, бул иш анын өндүрүшүндө турган адамдын же органдын токтомунун негизинде кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн кандай гана болбосун баскычында мүлккө камак салуу жокко чыгарылат.

Конституциялык сот талашылып жаткан ченем КР Конституциясынын 23-беренесинин 5-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 4-бөлүгүнө карама-каршы келет деген тыянакка келди.
Бул менен бирге Конституциялык сот Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 121-беренесинин 13-бөлүгүн Конституциялык соттун ушул чечимине ылайык келтиргенге чейин мүлккө камак салуу сотко чейинки өндүрүштүн каалаган стадиясында кызыкдар адамдардын кайрылуусу боюнча мүлккө камак салган соттун токтому менен жокко чыгарылышы мүмкүн экендигин белгиледи.