Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы №407 токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо Эрежелеринин 541-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

Конституциялык сот 2022-жылдын 21-декабрында Даниэль Жеңишбекович Акматовдун жана Дастан Далабайевич Бекешевдин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы №407 токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо Эрежелеринин 541-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Конституциялык сот талашылып жаткан ченем КР Конституциясынын 15-беренесинин 1 жана 2-бөлүгүнө, 23-беренесинин 3-бөлүгүнө, 24-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө, 40, 41-беренелерине карама-каршы келбейт деген тыянакка келди.

Конституциялык контролдоо органы өз чечиминде транспорттук каражаттарды өтө коркунуч келтирген булактардын катарына киргизүү алар үчүн өзгөчө укуктук режимди, анын ичинде мындай транспорт каражаттарынын бардык ээлери үчүн аларды пайдаланууга уруксат берүүнүн өзгөчө эрежелерин орнотууну шарттай тургандыгын белгилеген. Демек, калктын коопсуздугун, өмүрүн жана ден соолугун коргоону камсыз кылган мындай талаптарды жана эрежелерди орнотуу басмырлоочу катары эсептелиши мүмкүн эмес.

Өлкөдө белгиленген жолдун оң жагы менен жүрүүсүнө карама-каршы транспорт каражатынын рулдук башкаруусу жүрүү багытына карата оң тарабында жайгашкандыктан, ал өтө кооптуу булак гана болбостон, аны пайдаланууда жол кыймылынын коопсуздугуна да коркунучту күчөтөт.

Ошондуктан мыйзам чыгаруучу рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын каттоо, пайдаланууга жол берүү үчүн алып кирүүгө тыюу салууну киргизип жатып, аны аталган транспорт түрүнүн конструкциясынын түзүмдүк бөлүктөрүнө, анын ичинде кузовго да тыюу жайылтылаарын божомолдогон.

Бул кандай гана автоунаа болбосун кузов анын маанилүү түзүмдүк компоненттеринин бири болгон жагдай менен байланыштуу. Ага көбүнчө транспорттук каражаттын массасы, башкаруусу жана коопсуздугу көз каранды. Мындан тышкары, ал катталууга тийиш болгон уникалдуу идентификаторго (кузовдун сериясы, номери жана жеке бөлүктүн коду) ээ жана аны укуктук мамилелердин объектиси катары болууга мүмкүндүк берген өз алдынча транспорт каражаты (мүлк) катары аныктайт. Демек, адамдын уникалдуу идентификаторго ээ болгон автоуунанын конструкциясынын негизги компоненти катары кузовду алмаштыруусу – транспорт каражатынын өз алдынча бирдигин сатып алууга барабар.

Ошондой эле Конституциялык сот рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынын кузовун алмаштырууга тыюу салуунун орнотулушу адамдын өмүрү жана ден соолугу сыяктуу коом үчүн маанилүү болгон ажыратылгыс баалуулуктарды өзгөчө коргоо боюнча конституцияда белгиленген талап менен шартталганын белгиледи, анткени менчик укугу мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана башкаруу боюнча укуктуулукту ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн гана эмес, ошондой эле тиешелүү жактардан мыйзамда аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууну, анын ичинде мүлктүн айлана чөйрөдөгүлөр үчүн өтө кооптуулугун эске алуу менен аткарууну талап кылат. Демек, талашылып жаткан ченемде белгиленген тыюу салуу чектөө болуп саналбайт жана жарандардын конституциялык укуктарын бузбайт.