Меню навигации+

Конституциялык сот Ж. Шараповдун, С.А. Матцаковдун, Е.А. Рамазанованын жана Н.Б. Байышовдун кайрылуулары боюнча иштерди карады

Конституциялык сот 2023-жылдын 29-мартында Ж. Шараповдун, С.А. Матцаковдун, Е.А. Рамазанованын жана Н.Б. Байышовдун кайрылуулары боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 95-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамдын конституциялуулугу жөнүндө ишти караган.

Карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча Конституциялык сот Кылмыш-жаза кодексинин 95-беренесин Конституциянын адам укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгарган же кемсинтүүчү мыйзамдарды кабыл алууга тыюу салган 56-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп тапты.

Ошону менен бирге Конституциялык сот “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-пунктун “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” 2017-жылдын 24-январы № 10 Мыйзамынын 7-беренесинин 17-пунктун күчүн жоготту деп табуу бөлүгүндө Конституциянын 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп тапты.

Ошентип, КС чечимине ылайык 1997-жылдан 2017-жылга чейин жазасын өтөгөн адамдардын жазасын өтөгөндөн кийин кынтыксыз жүрүм-туруму болгон учурда, соттуулугун мөөнөтүнөн мурда алып салуу боюнча сотко кайрылууга укугу пайда болот.

Мындан тышкары Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинин 5-бөлүгү Конституциянын 56-беренесинин 2, 4-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп табылган.

Буга байланыштуу Конституциялык сот Министрлер Кабинетине ушул Чечимден келип чыккан тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгууну жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү тапшырды. Мында Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренеси Чечимге ылайык келтирилгенге чейин өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта кармоо мөөнөтү эркиндигинен ажыратуунун эки күнү камакта кармоо үчүн бир күн эсебинде чегериштирилүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 52-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот тарабынан мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын же алардын жоболорунун конституциялык эмес деп белгилениши, алардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун жокко чыгарат, ошондой эле соттук чечимдерди кошпогондо, конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдарга же алардын жоболоруна негизделген башка ченемдик укуктук актылардын колдонулушун жокко чыгарат деп эскертет.

Аларды ылайык келтирүүгө же жокко чыгарууга чейин түздөн-түз Конституция жана Конституциялык соттун чечимдери колдонулат.