Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 403-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

2023-жылдын 1-мартында Конституциялык сот К.О. Табалдиеванын кызыкчылыгын көздөгөн К.М. Матсаковдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 403-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.

Конституциялык сот талашылып жаткан ченем өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүүнү канааттандыруу же андан баш тартуу жөнүндө судьянын токтомун карап чыгуунун жыйынтыгында чыгарылган апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасын кассациялык тартипте кайра кароого тоскоолдук жараткан даражада Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 5-бөлүгүнө, 58-беренесинин 4-бөлүгүнө карама-каршы келет деген тыянакка келди.

 

Конституциялык контролдоо органы өзүнүн чечиминде советтик үлгүнүн калдыгы болгон сот тутумунун көп инстанциялуулугу соттук чечимдерди эч кандайдыр бир өзгөчө себептерсиз эле жогору турган инстанцияларда кайра каратуу мүмкүндүгүн караштырган, бул сот адилеттигинин жыйынтыгына жетүү үчүн бардык соттук инстанцияларды өтүү аргасыз деген жарандардын түшүнүгүн чыңдаган деп белгиледи. Бул феномен Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ишинде бүгүнкү күнгө чейин инерциялык түрдө сакталып келүүдө, жана жогоруда айтылгандай, сот адилеттигинин натыйжасыздыгынын, ушуга байланыштуу элдин сот тутумуна болгон ишениминин төмөндүгүнүн негизинде жатат. Иштин мындай абалы мыйзам чыгаруучунун сот чечимдерин кайра кароонун колдонуудагы укуктук механизмдерине  көңүл буруунун жетишсиздиги менен да шартталууда. Ошол эле учурда катасы бар сот актысын кабыл алуу учурларын алып салууга болбойт.

Соттук каталар өтө терс көрүнүш болуп саналат, анткени алар сот тутумунун жана жалпы эле мамлекеттик бийликтин беделин түшүрөт.

Ишти туура эмес кароо жана чечүү – мыйзамда бекитилген сот өндүрүшүнүн жалпы милдеттерин аткарбай коюуну гана билдирбестен, сот адилеттигинин түпкү максаттарына жетүүгө да тоскоолдук кылат, мамлекеттин мыйзамдуулуктун режимин жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча кудуретсиздиги менен ассоциацияланат.

 

Ушуга байланыштуу, сот адилеттиги тутумун курууда соттордун укук колдонуу практикасында соттук катанын болбой койбостугу эске алынууга тийиш.

Ошентип, сот адилеттигиндеги каталарды оңдоо сот тутумунун адилеттүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыздоонун, сот адилеттигине болгон ишенимди, демек, мыйзамды урматтоону бекемдөөнүн жана эң башкысы каталардын кайталануусун болтурбай коюунун маанилүү аспектиси болуп саналат.

Өткөрүлүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүүнү канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө соттун токтомун кайра кароонун жыйынтыгы боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциянын аныктамасы да материалдык жана процесстик укуктун ченемдерине негизделет, демек, аларды туура колдонуу менен байланышкан көйгөйлөрдүн болушу толук мүмкүн. Ал эми бул сот актысынын кесип токтотуучу мүнөзүн эске алуу менен, адам өз ишин каратуу мүмкүнчүлүгүнөн биротоло ажырап калышы мүмкүн болгон учурда, каралып жаткан аныктама Жогорку соттун соттук контролдоо чөйрөсүнөн алынып салынышы мүмкүн эмес. Өткөрүлүп жиберилген процесстик мөөнөттөрдү калыбына келтирүү маселеси адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту орнотуу, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча сот адилеттигинин бардык мүмкүнчүлүктөрүнүн жүзөгө ашырылуусун камсыз кылган укуктук инструмент экенин унутпоо керек.

Ушуга байланыштуу, Конституциялык сот өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүүнү канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө судьянын токтомун кассациялык тартипте даттануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе жазык-процесстик мыйзамдарда караштырылышы керек деп эсептейт.

Демек, КЖПКнын 51-главасында өткөрүлүп жиберилген мөөнөттөрдү калыбына келтирүү маселелери боюнча чыгарылган сот актыларына кассациялык тартипте даттануу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу адилеттүүлүктүн критерийлерине жооп берген сот адилеттиги аркылуу укуктарды натыйжалуу калыбына келтирүүнүн универсалдуу талабына ылайык келбейт, соттолгон адамдын өз ишин мыйзамда белгиленген тартипте жогору турган сотто каратуу укугун кемсинтет жана чектейт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Кыргыз Республикасынын КЖПКга көрсөтүлгөн чечимдин жүйөлөштүрүү бөлүгүнөн келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөө тапшырылды.

 

Конституциялык соттун Чечими менен мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүүнү канааттандыруу же андан баш тартуу жөнүндө судьянын токтомун карап чыгуунун жыйынтыгында чыгарылган апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасын кассациялык тартипте кайра кароо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин XII бөлүмүнө ылайык өз алдынча жүргүзүлүшү керектиги да орнотулду.