Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 566-беренесинин биринчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

2022-жылдын 26-октябрында Конституциялык сот А.Ж. Айтбаеванын, Омуркул уулу Уландын Укук бузуулар жөнүндө кодекстин камакка алуу жөнүндө соттун токтому чыгарылгандан кийин токтоосуз аткарылаарын белгилеген 566-беренесинин биринчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусу боюнча ишти карап чыкты.

Конституциялык сот талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 5-бөлүгүнө, 55-беренесинин 56-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө, 58-беренесинин 4-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деген тыянакка келди. Чечимде адамдын татыктуу жашоосу жана эркин өнүгүүсү мыйзамдуулуктун, коопсуздуктун жана туруктуу укук тартибинин шарттарында, коомдун ар бир мүчөсү бардыгы үчүн жалпы жол берилген жүрүм-турум эрежелерин милдеттүү түрдө сактаганда гана мүмкүн боло турганын белгиленген.

Мыйзамдуулукту жана укук тартибин бекемдөөдө негизги багыт болуп, укук бузууларга каршы натыйжалуу күрөшүүнү талап кылуу жана жасалган укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз болушун камсыз кылуу саналат. Азыркы шарттарда жоопкерчиликтин сөзсүз болушу кылмыштарга жана башка укук бузууларга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугунун, өлкөдөгү мыйзамдуулуктун жалпы абалынын маанилүү көрсөткүчү болуп саналат.

Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз болуу принцибинен ар кандай четтөөлөр мыйзамсыз жана жол берилген аракеттер жөнүндө анык маалыматтын  объективдүү кабылданышын бурмалайт, укук бузуучуларда алар жасаган укук бузууларга байланыштуу контролсуз жана жазасыз калуу маанайын пайда кылат. Ошол эле учурда, укук бузуучуларды тийиштүү жана сөзсүз жазалоо жарандарда учурдагы укук тартибинин ишенимдүүлүгү жөнүндө түшүнүктү жаратат, мамлекеттик бийликтин адилеттүүлүгүнө болгон ишенимди бекемдейт, алардын өмүрү, ден соолугу, мүлкү, укуктары жана кызыкчылыктары корголот деген ишенимди бекемдейт. Бул, өз кезегинде, жарандардын укуктук аң-сезимин жана укуктук маданиятын, жоопкерчилигин жана тартиптүүлүгүн жогорулатууга, жана эң негизгиси, алардын коомдук пайдалуу ишмердигин активдештирүүгө өбөлгө түзөт.

Укук бузуулар жөнүндө кодекс (УБжК) укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликтин принциптерин жана чараларын караштырат, кандай жосундар укук бузуулар болуп саналарын, алар жөнүндө иштерди кароонун тартибин, жаза чараларынын түрлөрүн жана укук бузууларды жасагандыгы үчүн башка укуктук кесепеттерди аныктайт.

Камакка алуунун максаты болуп, укуктук тартипти калыбына келтирүү жана адамды тарбиялоо, ошондой эле жаңы укук бузуулардын ошол адамдын өзү жана башкалар тарабынан жасалышына жол бербөө саналат (УБжКнын 33-беренесинин 2-бөлүгү).

Камакка алууну токтоосуз аткаруунун зарылдыгы жазанын сөзсүз болуу принцибин ишке ашыруу менен, ошондой эле укук коргоо механизминин ишке жөндөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылууга багытталган өзгөчө тартипте аткарууну талап кылган жазанын ушул түрүнүн өзгөчөлүгү менен шартталган, анткени бардык башка учурларда УБжКда каралган максаттар жана милдеттер тийиштүү деңгээлде жетишилбейт, атап айтканда, камакка алууну аткарууну кийинкиге калтыруунун ар кандай формасы, анын ичинде сот актысына даттанууда да, укук бузуучу жазадан качууга же болбосо жаңы укук бузууларды жасоону улантууга мүмкүнчүлүк ала турган шарттардын түзүлүшүнө алып келиши мүмкүн.

Мындан тышкары, камакка алууну токтоосуз аткаруу укук бузуулар чөйрөсүндөгү мамлекеттин юрисдикциялык органдарынын көп убакытты талап кылган ишин этибар кылбоого, алардын социалдык маанилүүлүгүн жана коомдук таанылуусун төгүндөөгө, мыйзамдын күчүнө жана беделине болгон ишенимди бузууга, жалпысынан укук коргоо ишинин натыйжалуулугун, жекече укук коргоо функциясын аткарып жаткан ички иштер органдарынын натыйжалуулугун төмөндөтүүгө, жана укук тартип органдарынын бардык күч-аракеттерин жокко чыгарууга жол берилбестик менен шартталган. Ошондуктан, камакка алуу жөнүндө соттун токтомун токтоосуз аткаруу жөнүндө мыйзам чыгаруучунун логикасы жазанын ушул түрүн аткаруунун актуалдуулугун сактоо зарылдыгына негизделген.

УБжК коомдук тартипти одоно бузгандыгы, коомдук коопсуздукка, башкаруу тартибине кыянаттык менен кол салганы үчүн гана камакка алууну караштырат.

Ошентип, камакка алуу сыяктуу жазанын бул түрүн колдонуу баарынан мурда коомдук кызыкчылыктарды жана коомдук коопсуздукту коргоого багытталган, демек, өзүнүн иштешин актайт.

Ошол эле учурда, административдик камакка алуу эркиндик жана жеке кол тийбестик сыяктуу адамдын негизги жана ажырагыс укуктарын чектөө менен байланышкан  административдик жазанын эң катуу түрү экенин эстен чыгарбоо керек. Ушуга байланыштуу, администрациялык камакка алууну дайындоо, аткаруу, ошондой эле даттануунун тартиби жөнүндө мыйзамдардын ченемдери коомдук жана жеке кызыкчылыктардын ортосундагы тең салмактуулукту издөөдө соттук коргоого болгон негизги конституциялык укук бузулбагыдай жана сот адилеттигине натыйжалуу жетүү камсыз кылынгыдай болуп жакшы ойлонуштурулууга тийиш.

Камакка алуу жөнүндө соттун токтомун токтоосуз аткаруу, ошондой эле көрсөтүлгөн актылар ал кабыл алынган учурдан тартып, башкача айтканда, жазанын ушул түрүнүн өзгөчөлүгүн жана максатын эске алуу менен сот адилеттигин жүргүзүүнүн жалпы эрежесинен айырмаланган өзгөчө тартипте күчүнө кирет дегенди билдирет.

Ар бир адамдын материалдык жана моралдык зыяндын, анын ичинде жаңылыш сот актысы менен келтирилген зыяндын ордун толтурууга укугу жөнүндө конституциялык кепилдикти көңүлгө алуу менен Конституциялык сот талашылып жаткан ченемде камтылган чектөө конституциялык маанилүү максаттарга шайкеш келет жана Конституциянын 23-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына жооп берет деп эсептейт. Демек, анын камакка алуу жөнүндө соттун токтомун токтоосуз аткаруу жөнүндө императивдик талабын Конституцияга карама-каршы келүүчү деп баалоого болбойт.

Ошону менен бирге, Конституциялык сот, кыска мөөнөткө болсо да камакка алуу адамдын укуктарына жана эркиндиктерине эң олуттуу таасир этүү болуп саналат деп белгиледи.

Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу камакка алынган адамдын укуктарын соттук коргоонун кошумча кепилдиктерин кароого, тактап айтканда, анын даттануусун келип түшкөн учурдан тартып 48 сааттан кечиктирбестен жогору турган сот тарабынан кароо мүмкүнчүлүгүн кароого милдеттүү. Ошентип, камакка алуу жөнүндө соттун чечимин токтоосуз аткаруу эрежеси мүмкүн боло турган соттун катасын тез арада оңдоо кепилдиги менен тең салмакталат.