19.04.2023
Конституциялык сот 2023-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн расмий чечмелеп берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин кайрылуусун карады.
(more…)
13.04.2023
Конституциялык сот 2023-жылдын 29-мартында Ж. Шараповдун, С.А. Матцаковдун, Е.А. Рамазанованын жана Н.Б. Байышовдун кайрылуулары боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 95-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамдын конституциялуулугу жөнүндө ишти караган.
(more…)
25.03.2023
Конституциялык сот 2023-жылдын 18-январында Н.А. Алиеванын жана А.М. Осмоналиеванын кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 216-беренесинин 7-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.
(more…)
22.02.2023
2022-жылдын 28-декабрында Конституциялык сот судья Жыпар Жумадиловна Сабырованын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчүн карады.
(more…)
12.01.2023
2022-жылдын 30-ноябрында Конституциялык сот «Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарынын айдоочуларынын бирикмеси» Коомдук бирикмесинин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун «Жер участокторун берүү жана алып коюу менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу тууралуу иштерди кароодо келип чыгуучу кээ бир маселелер жөнүндө» 2018-жылдын 31-майындагы № 13 токтомунун 14-пунктунун «Жер участогуна укукту берүү боюнча комиссиянын чечими сотто талашуунун предмети болушу мүмкүн эмес» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.
Конституциялык сот талашылып жаткан ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 3-бөлүгүнө, 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деген тыянакка келди.
Чечимде белгиленгендей, соттук караштуулук тутумунда башкы орунду конституциялык контроль ээлейт, ал укуктук актылар тутумунда Конституциянын юридикалык үстөмдүгүн камсыз кылууга, ошону менен, Баш Мыйзамда бекитилген коомдук жана мамлекеттик түзүлүштүн майтарылбастыгына, инсандын укуктук макамынын туруктуулугуна, укуктун бардык субъектилери тарабынан конституциялык талаптардын кыйшаюусуз аткарылышына жетүүгө багытталган. Биринчи кезекте ченемдик-укуктук мүнөзгө ээ болгон бардык актылардын Конституцияга иерархиялык кошо баш ийүүсүн камсыз кылууга багытталган өзгөчө контролдук функция, конституциялык контролдун чектерин аныктоо боюнча Конституциялык соттун көз карашы акыркы болуп саналат жана мыйзам чыгаруу чөйрөсүн бүтүндөй камтууга тийиш жана мыйзамдардагы аныктамаларга көз каранды болушу мүмкүн эмес. Башкача айтканда, конституциялык контролдун табияты анын ченем жаратуунун бардык тармагында мыйзамдуулуктун негизги гаранты катары иштешин шарттайт, ал ченем жаратуучу органдардын иши менен чектелбеген, адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө жана бир нече жолу колдонууга эсептелген, жалпыга милдеттүү жү...
23.12.2022
Конституциялык сот 2022-жылдын 21-декабрында Даниэль Жеңишбекович Акматовдун жана Дастан Далабайевич Бекешевдин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы №407 токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо Эрежелеринин 541-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.
Конституциялык сот талашылып жаткан ченем КР Конституциясынын 15-беренесинин 1 жана 2-бөлүгүнө, 23-беренесинин 3-бөлүгүнө, 24-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө, 40, 41-беренелерине карама-каршы келбейт деген тыянакка келди.
Конституциялык контролдоо органы өз чечиминде транспорттук каражаттарды өтө коркунуч келтирген булактардын катарына киргизүү алар үчүн өзгөчө укуктук режимди, анын ичинде мындай транспорт каражаттарынын бардык ээлери үчүн аларды пайдаланууга уруксат берүүнүн өзгөчө эрежелерин орнотууну шарттай тургандыгын белгилеген. Демек, калктын коопсуздугун, өмүрүн жана ден соолугун коргоону камсыз кылган мындай талаптарды жана эрежелерди орнотуу басмырлоочу катары эсептелиши мүмкүн эмес.
Өлкөдө белгиленген жолдун оң жагы менен жүрүүсүнө карама-каршы транспорт каражатынын рулдук башкаруусу жүрүү багытына карата оң тарабында жайгашкандыктан, ал өтө кооптуу булак гана болбостон, аны пайдаланууда жол кыймылынын коопсуздугуна да коркунучту күчөтөт.
Ошондуктан мыйзам чыгаруучу рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын каттоо, пайдаланууга жол берүү үчүн алып кирүүгө тыюу салууну киргизип жатып, аны аталган транспорт түрүнүн конструкциясынын түзүмдүк бөлүктөрүнө, анын ичинде кузовго да тыюу жайылтылаарын божомолдогон.
Бул кандай гана автоунаа болбосун кузов анын маанилүү түзүмдүк компоненттеринин бири болгон жагдай менен байланыштуу. Ага көбүнчө транспорттук каражаттын массасы, башкаруусу жана коопсуздугу көз каранды. Мындан тышкары, ал катталууга тийиш болгон уникалдуу идентификаторго (кузовдун сериясы, номери жана жеке бөлүктүн коду) ээ жана...
24.11.2022
2022-жылдын 26-октябрында Конституциялык сот А.Ж. Айтбаеванын, Омуркул уулу Уландын Укук бузуулар жөнүндө кодекстин камакка алуу жөнүндө соттун токтому чыгарылгандан кийин токтоосуз аткарылаарын белгилеген 566-беренесинин биринчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусу боюнча ишти карап чыкты.
(more…)
23.09.2022
Конституциялык сот: жабырлануучуга жазык процессинин калган катышуучулары менен бирдей эле тергөө судьясынын токтомуна апелляциялык тартипте даттануу укугу берилди
2022-жылдын 21-сентябрында Конституциялык сот А.С. Турдубаевдин жана анын кызыкчылыгындагы Н.Т. Эгетаевдин, М.М. Жорокуловдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 397-беренесинин 4-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.
(more…)
31.03.2021
Конституциялык палата 2021-жылдын 10-мартында Жазык кодексинин 170-беренесинин «Уурдалган адамды уурдаган учурдан тартып 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам ушул берененин 1-бөлүгүндө же 2-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган жосундары үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат» деген сөздөр менен баяндалган эскертүүсүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, аны Конституцияга карама-каршы келет деп тааныган. (more…)
23.03.2021
2021-жылдын 3-мартында Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун, 2-бөлүгүн, 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88 конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 18-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты. (more…)
17.03.2021
2021-жылдын 17-мартында Конституциялык палата К.Т. Исаевдин кайрылуусуна байланыштуу Административдик-процесстик кодекстин 268-беренесинин 1-бөлүгүнүн «иштин маңызы боюнча чыгарылган» деген сөздөр менен берилген ченемдик жобонун (андан ары- АПК) конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемдик жобону Конституцияга карама-каршы келет деп тааныган. (more…)
04.03.2021
Конституциялык палата КР Жазык-процесстик кодексинин 430-беренесинин 3-бөлүгүнүн «тергөө судьясынын токтомдоруна даттануу боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциянын сотунун чечимдери кассациялык тартипте кайра каралбайт» деп берилген ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, аны сотко чейинки өндүрүштөгү жазык иштин токтотулушу жөнүндө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чечимине даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган тергөө судьясынын токтомунун колдонулушуна карата бөлүктө Конституцияга карама-каршы келет деп кабыл алынды. (more…)