Меню навигации+

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Мыйзамдын 17-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

Конституциялык сот 2023-жылдын 7-июнунда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана көрсөтүлгөн ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды.

Конституциялык сот талашылып жаткан ченемдер басмырлоо менен бирдейлештирилбейт, анткени алар колдонуудагы укуктук жөнгө салуу системасында өзүнүн мааниси жана багытталышы боюнча коммерциялык эмес уюмдардын ишинин ачыктыгын камсыз кылууга багытталган, конституциялык талап менен шартталган жана Конституциянын 24-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деген тыянакка келди.

Ошондой болсо да, мыйзам чыгаруучу коомдук бирикмелердин бардык түрлөрүнө карата финансылык отчеттуулуктун талаптарын белгилөөдө аларга бирдей шарттарды камсыз кыла турган бирдей мамилени жана укуктук режимди карманууга тийиш. Ушуга байланыштуу Конституциялык сот көрсөтүлгөн милдеттенмени бирдей коомдук мамилелердин субъекттерине карата акылга сыярлыктын жана бирдей мамиле кылуу принцибинин талаптарына ылайык келтирүү зарылдыгын белгилейт.

Ошондой эле чечимде адистештирилген экспертизаларды бирдиктүү стандарттардын жана объективдүү фактыларга таянуу менен тутумдук мамиленин негизинде жүргүзүлүүсү, коюлган суроолорго негизделген жооптордун камтылуусу, болжолдуу баалоолордун тереңдиги, изилдөөлөрдүн толуктугу жана кылдаттыгы чагылдырылышы үчүн учурдагы адистештирилген экспертизалардын системасын кайра карап чыгуу зарылдыгы белгиленди.