Меню навигации+

Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн расмий чечмелеп берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин кайрылуусун карады

Конституциялык сот 2023-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн расмий чечмелеп берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин кайрылуусун карады.

Кароонун жыйынтыгы боюнча Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялык-укуктук мазмуну, пенсиялардын, социалдык жөлөкпулдардын жана башка социалдык жардамдын өлчөмүн аныктоо өлкөнүн экономикасынын абалына жана мүмкүнчүлүктөрүнө тике көз каранды болбой коюушу мүмкүн эмес, демек, “мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат” деген сөздөр менен берилген ченемдик жобо мамлекет тарабынан пенсия, социалдык жөлөкпулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес өлчөмүн белгилөө мамлекеттин түздөн-түз милдеттенмеси катары түшүнүүгө болбойт, ал мамлекеттин конституциялык-маанилүү милдетти жеткире аткаруу аракетин көздөгөн максаттуу багыты катары каралыш керек деп чечти.

Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Министрлер Кабинети социалдык камсыздоо чөйрөсүнүн укуктук жөнгө салынуусун ишке ашырууда Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялык-укуктук маанисин кармануусу зарыл.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.