Меню навигации+

Пресс-релиздер

04.09.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 4-сентябрында И.Д. Кадырбековдун өтүнүчүнө байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыккан жана талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныган. (more…)

27.06.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 26-июнунда Административдик-процесстик кодекстин 271-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жатакан ченемдик жобону Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бөлүгүнѳ карама-каршы келет деп тааныды. (more…)

20.06.2019

2019-жылдын 7-февралында Конституциялык палатага В.К. Керимовдун Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 427-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылуусу келип түшкөн. (more…)

12.06.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 12-июнунда Жазык-процесстик кодекстин 487-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнүн, 488-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн, 489-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 491-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнүн, 492-беренесинин 5-бөлүгүнүн конституциялуулугун процесстик макулдашуну түзүүдө жабыр тарткандардын жана эрезеге жете электердин укуктарынын бузулушу бѳлүгүндѳ текшерүү жөнүндө ишти карап чыккан жана талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныган.
Конституциялык палата өзүнүн чечиминде мамлекет жазык-укуктук мамилелердин коомдук мүнөзүнө ылайык жазык жоопкерчилигинин чектерин да белгилөөгө, сот адилеттигинин максаттарына жетишүүгө ар жолдорду караштырган процедуралдарды, анын ичинде жазык жоопкерчигининин чарасын жеңилдетүүгө жана жазык куугунутугунун процедурасын жөнөкөйлөтүүгө негиздерди мыйзамдарда аныктоого ыйгарым укуктуу болот деп белгилеген.
Мыйзам чыгаруучу күнөөсүн таануу жөнүндө, кызматташуу жөнүндө жана жарашуу жөнүндө макулдашууну өзүнө камтыган процесстик макулдашуунун укуктук институтун Жазык-процесстик кодексинде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктар алкагында караштырган.
Бирок күнөөсүн таануу жөнүндө макулдашуу сыяктуу мындай укуктук каражат колдонулган учурда бир жагынан шектүү менен айыпкердин, экинчи жагынан, жабыр тарткандандын процесстик укуктарынын жүзөгө ашырылуусу үчүн бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга, ошондой эле башка жалпыга маанилүү конституциялык орнотмолорду аткарууга милдет мамлекеттен алынбай кала берет.
Мамлекет процесстик макулдашуулар институтун киргизүү аркылуу жазаны жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн орнотуу менен жабыр тарткандардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын корголушун кепилдикке алуунун, ошондой эле сот адилеттигинин максаттарына жетишүүнүн, күнөлүү эместик презумпциясынын жана жазанын болушунун принциптеринин сакталуусунун зарылчыгы менен байланыштуу.
Жазык-процесстик мыйзамдарда процесстик макулдашуулар институту макулдашууга жетишкен учурда алардын диспозитивдүүлүк принцибине негизделе...

06.05.2019

2019-жылдын 7-февралында Конституциялык палатага Б.М. Маанаевдин кызыкчылыгын кѳздѳгѳн К.К. Омуркановдун Жазык-аткаруу кодексинин 4-беренесинин 2-бѳлүгүнүн, 80-беренисинин 3-бѳлүгүнүн, Жазык кодексинин 89-беренесинин 4-пунктунун Конституциянын 6-беренесине ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылуусу келип түшкөн. (more…)

24.04.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 24-апрелинде Жогорку соттун сунуштамасына байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренисинин 1-бөлүгүнүн 35-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды. (more…)

18.04.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 17-апрелинде М.Э. Токтоматовдун кайрылууусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жѳнүндѳ» Мыйзамдын 19-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 4-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды. (more…)

07.03.2019

«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) 31 – беренесинин 1-бөлүгүнүн он экинчи абзацынын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобонун (мындан ары – Жобо) 22-пунктунун тогузунчу абзацынын, 186-пунктунун 61-пунктчасын, 187-пунктунун бешинчи абзацынын; Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставынын (мындан ары – Тартиптик уставы) 91–пункттун үчүнчү абзацынын конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз

Конституциялык палата 2019-жылдын 6-мартында жогоруда аталган ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, ага ылайык талашылып жаткан Мыйзам ченеми кабыл алынган чечимдин жүйөлөштүрүлгөн бөлүгүндө берилген конституциялык-укуктук маанисинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп таанылды. Башкача айтканда, эмгектенүү конституциялык укугун ар кандай чектөө, аскер кызматчыларынын ишинин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу конституциялык маанилүү максаттарына жараша орундуу болсо да, ал белгилүү мыйзамдар негизинде жана дагы башка жоромолдор мүмкүнчүлүгүн болтурбаган критерийлерге негизделиши керек. (more…)

21.02.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 20-февралында А.А. Рябушкиндин кайрылуусуна байланыштуу «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Мыйзамдын ишкерлик кылып жүргѳн жеке жак тарабынан товардык белгини каттатуу маселесин регламенттеген  3-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды. (more…)

13.02.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин юридикалык жакты чет өлкөлүк юридикалык жактарга каратуунун белгилерин аныктаган 1-беренесинин 11-пунктунун «б», «в» жана «г» пунктчаларынын конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, талашылып жатан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды. (more…)

04.02.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 01-февралында «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын, 17-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыкты. Кароонун жыйынтыгы боюнча талашылып жаткан ченемдер Конституцияга карама-каршы келет деп таанылды. (more…)

17.01.2019

 

Конституциялык палата 2019-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтому менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларынын 1-пунктунун «а» пунктчасынын төртүнчү абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады. Кароонун жыйынтыгы боюнча талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келет деп таанылды, анткени мүлк мүнөзүндөгү жарандык доолор боюнча мамлекеттик алымдын негизделбеген көп өлчөмү соттук коргонуу укугун жүзөгө ашыруу үчүн чыныгы тоскоолдукка айланууда. Бирок мамлекеттик алымды төлөө маселесинде укуктук боштукту жокко чыгаруу максатында жана акылга сыярлык токтоолук принцибин жетекчиликке алып, Конституциялык палатанын чечиминде кийинкиге калтыруу шарты менен талашылып жаткан ченем 2019-жылдын 16-апрелинен тарта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына карама-каршы келет деп таанылды.

 

(more…)

27.11.2018

2018-жылдын 26-июнунда У.С. Момункуловдун кызыкчылыгын кѳздѳгѳн М.А. Супатаевдин Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 11-беренесинин 3 жана 4-бѳлүктѳрүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 1 жана 5-бѳлүктѳрүнѳ карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ ѳтүнүчү келип түшкѳн.

 

(more…)

02.11.2018

 

Конституциялык палата 2018-жылдын 1-ноябрында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин, 17-беренесинин 4-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, чечим чыгарды, ага ылайык талашылып жаткан ченемдер, алардын тике маанисинен алганда Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп таанылды. Ошону менен бирге, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренеси, анын жазык сот өндүрушүндө жактоочу катары катышкан адвокаттарга карата ѳңчѳй жайылтылган бѳлүгүндѳ, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна,  40-беренесинин 1,  3-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанылган.

 

(more…)

18.10.2018

 

03.10.2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2018-жылдын 3-октябрында «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыкты жана талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ экс-президентти Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарып турган мезгилде жасаган жосундары үчүн жоопкерчиликке тартуу жол-жобосун караштырбаган даражада карама-каршы келет деп чечим чыгарды.

 

(more…)

05.07.2018
2018-жылдын 15-мартында О.И. Василенконун кызыкчылыгын кѳздѳгѳн К.А. Каунаштын Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 375-беренесинин 2-бѳлүгүн, 379-беренесинин 1, 4, 5-бѳлүктѳрүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 8-пунктуна жана 40-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ кайрылуусу келип түшкѳн. (more…)
28.06.2018

17 апреля 2018 года поступило обращение гражданина Абдыкадырова А. о проверке конституционности статьи 7, пункта 13 части 1 статьи 12 Закона Кыргызской Республики «О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве» и признании их противоречащими части 3 статьи 93 Конституции Кыргызской Республики.
Определением коллегии судей от 22 мая 2018 года № 21, на основании пункта 2 части 3 статьи 28 конституционного Закона «О Конституционной палате Верховного суда Кыргызской Республики» в принятии ходатайства к производству было отказано.
Не согласившись с вышеуказанным определением, Абдыкадыров А., 11 июня 2018 года обратился с жалобой в Конституционную палату.
Конституционная палата, рассмотрев жалобу 28 июня 2018 года, оставила ее без удовлетворения.
Конституционная палата в своем постановлении отметила, что заявитель не указал какие конституционные права и свободы человека и гражданина нарушены нормами Закона Кыргызской Республики «О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве» конституционность которых оспаривается. В соответствии с частью 7 статьи 97 Конституции Кыргызской Республики у физических и юридических лиц право на обращение в Конституционную палату Верховного суда Кыргызской Республики возникает лишь тогда, когда права и свободы человека и гражданина нарушены или могут быть нарушены оспариваемой нормой.
Заявитель же в своем обращении ставит вопрос о конституционности нахождения судебного департамента в системе судебной власти.
Однако такого рода вопросы могут быть поставлены только соответствующими органами власти в связи с кругом их компетенции.
В связи с чем, Конституционная палата Верховного суда Кыргызской Республики не видит оснований для отмены определения коллегии судей и удовлетворения жалобы заявителя.

19.06.2018

2017-жылдын 19-апрелинде жаран З.К. Курмановдун Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» 2015-жылдын 24-июлундагы № 190 Мыйзамынын конституциялуулугун текшерүү жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине, 9-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2, 3-бѳлүктѳрүнѳ, 20-беренесинин 1-бѳлүгѳнѳ, 40-беренесине, 42-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 53-беренесине, 97-беренесинин 6, 7, 11-бѳлүктѳрүнѳ карама-каршы келет деп таануу жөнүндө кайрылуусу келип түшкөн. (more…)