Меню навигации+

«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын, 17-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз

04.02.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 01-февралында «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын, 17-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыкты. Кароонун жыйынтыгы боюнча талашылып жаткан ченемдер Конституцияга карама-каршы келет деп таанылды.

Конституциялык палата ѳз чечимин тѳмѳнкү тыянактар менен негиздеди.

 

Судьянын укуктук даярдыгынын деңгээли, анын квалификациясы, компетенттүүлүгү судьялык функциянын өзөгү болуп саналат, анткени алардан жумушунун тикелей натыйжасы катары – чыгарылуучу соттук актылардын жана сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапаты гана эмес, ошондой эле коомдун сот бийлигине болгон ишениминин деңгээли да кѳз каранды.

 

Конституция судьялардын кызмат ордуна талапкер адамдарга талаптарды бекиткен (94-берене). Ошону менен бирге, Конституциянын 94-беренесинин 9-бөлүгүндө судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге кошумча талаптарды конституциялык мыйзам менен белгилөө мүмкүнчүлүгү каралган. Конституциянын келтирилген диспозитивдик ченеминин мааниси боюнча мыйзам чыгаруучуга судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге Конституцияда бекитилген талаптардан тышкары кошумча талаптарды белгилөө ыйгарымы берилген.

 

Аталган конституциялык ченемди жүзөгө ашырууда мыйзам чыгаруучу «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 15 жана 17-беренелерине Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьясынын кызмат ордун ээлөөгө биринчи жолу талапкер болгон жана судьялык иш стажы жок адамдарга, ошондой эле судьялык иш стажы бар адамдарга, мында алардын конкурска катышууга берген арызы менен адамды судьянын кызмат ордунан бошотуунун же болбосо судьянын ыйгарым укуктарын токтотуунун ортосундагы тыныгуунун мөөнөтү он жылдан ашса, талапкерлерди окутуунун натыйжалары боюнча берилүүчү сертификаттын болушу талап кылынган кошумча толуктоо киргизген.

 

Сертификатты алуу үчүн зарыл болгон окутуунун негизги шарттары жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын 5-4 беренесинде регламенттештирилген. Аталган беренеге ылайык судьянын кызмат ордуна талапкер болушкан адамдар бир жылга чейинки мөөнөттөгү окутуудан өтүүгө тийиш, бул мезгилдин аралыгында ага иш орду боюнча эмгек акысы сакталбаган эмгек өргүүсү берилет. Окуу аяктаганда квалификациялык экзамен өткөрүлөт.

 

Мыйзам чыгаруучу, кайрылуунун субъекти талашып жаткан ченемдерди кабыл алып жатып, өзүнүн дискрециясынын алкагында, биринчи кезекте судьялык корпусту квалификациялуу жана компетенттүү курам менен камсыз кылууда жарандардын жана коомдун кызыкчылыгын жетекчиликке алган.

 

Ошону менен бирге, мыйзам чыгаруучу судьялардын кызмат ордуна талапкерлер үчүн кошумча талаптарды орнотууда судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге болгон конституциялык талаптардын негизинде жаткан принциптерди жетекчиликке алышы керек болчу, тактап айтканда алар мамлекеттик кызматка кирүүдѳ тең укуктуулук, бирдей мүмкүнчүлүктѳр принциптерине ылайык келиши керек эле (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 4-бѳлүгү). Мында, Сот адилеттүүлүгүнүн жогорку мектебинде окутууга талапкерлерди кабыл алуунун азыркы кездеги тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогоруда аталган талаптарын аткаруу катары каралышы мүмкүн эмес экенин белгилей кетүү керек.

 

Ошентип, мыйзам чыгаруучу талашылып жаткан ченемдерди кабыл алууда жана судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге карата кошумча талапты орнотууда, судьянын бош кызмат ордун ээлөөдө көп сандаган талапкерлердин конкурска катышуусу үчүн реалдуу тоскоол болуп калган жана социалдык жана мүлктүк абалына байланыштуу мүмкүнчүлүктѳрдүн айырмачылыгына алып келген бир катар жагдайларды эске алган эмес.

 

Алсак, судья кызматына талапкерлерди окутуу күндүзгү форма боюнча гана жүргүзүлөт, бул болсо окууга кабыл алынган иштеген адамдар үчүн узак мөөнөткө эмгек акысы сакталбаган эмгек өргүүсүн алууну шарттайт, анткени аталган конституциялык мыйзамга ылайык окуу мезгили бир жылга чейин созулушу мүмкүн. Бул жерде эки учур талашсыз: биринчиден, бардык эле мекеме жетекчилери же башка жумуш берүүчүлөр узак мөөнөткө эмгек өргүүсүнө жиберүүгө даяр эмес, себеби мындай учурда башка кызматкерлерге түйшүк көбөйөт, экинчиден, эгерде эмгек акысы сакталбаган эмгек өргүүсү берилген күндө да ал адам эмгек акысы түрүндөгү кирешесинен айрылып калат. Эгерде бул адамда айлык эмгек акысынан башка өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн багуу үчүн башка киреше булактары жок болсо, бул жагдай окуу үчүн дал мүлктүк абалы боюнча чыныгы тоскоолго айланат.

 

Бул жагдай судьялык кызматка талапкерлерди окутуу Бишкек шаарында, аймактардан келип окугандардын жашоосу үчүн тиешелүү шарттары жок Сот адилеттигинин жогорку мектебинде ѳткѳрүлгөндүгү, бул болсо окуу мөөнөтү бүткүчөктү турак-жай жалдоо зарылдыгын шарттоосу менен да оорлошот. Мындай учурда турак-жай жалдоо кирешесинин жалгыз булагы эмгек акысы болуп саналган, окуу мезгилине эмгек акысы сакталбаган эмгек өргүүсүн алгандыгы үчүн анысынан да айрылып калган, аймактардан келген талапкерлер үчүн кошумча каржылык жүк болуп калат. Бул өңдүү шарттарда окууга кыйла артыкчылыктуу мүмкүндүктөр сырттан каржылык колдоосу барлар же каржылуулар үчүн түзүлүп, мүлктүк абалы ар кандай адамдар үчүн тең эмес шарттардын келип чыгуусуна өбөлгө түзүлөт.

 

Аракеттеги тутум сот корпусун талапкерлердин квалификациялуу жана компетенттүү курамы менен камсыз кылууга багытталса да, Сот адилеттигинин жогорку мектебине окууга адамдардын абдан чектелген санын кабыл алуу, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 15 жана 17-беренелеринде көрсөтүлгөн кошумча талаптарды эске алганда, судьялык бош кызмат ордуна талапкер болгон катышуучулардын санын кыйла кыскартат. Натыйжада судьялык кызматка нагыз татыктуулардын тандалышына да терс таасирин тийгизет.

 

Андан тышкары, окутуунун аракеттеги тутуму талапкерлерди окутууга бюджеттик каражаттарды сарптоонун майнаптуулугу жагынан караганда өзүн актабайт, анткени, Сот адилеттигинин жогорку мектебинде окууну аяктагандыгы тууралуу сертификаттын болуусу талапкердин келечекте судья кызматын ээлөөсүнө кепилдик бербейт.

 

Баяндалгандардын негизинде талашылып жаткан ченемдер Конституцияда кепилденген кодулоодон коргоо жана мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей болуу укугун бузууда. Талашылып жаткан ченемдер судьянын кызмат ордуна талапкер болгон жарандар үчүн алардын мүлктүк жана социалдык абалына жараша олуттуу тоскоолдуктарды жаратат.