Меню навигации+

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренисинин 1-бөлүгүнүн 35-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

24.04.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 24-апрелинде Жогорку соттун сунуштамасына байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренисинин 1-бөлүгүнүн 35-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды.

 

Конституциялык палата өз чечиминде парламенттик контроль мамлекеттик контролдун бир түрү болуп саналат, ал парламентаризмдин өз алдынча институту болуп эсептелет деп белгилеген. Анын жардамы менен мамлекеттик бийлик органдарынын болушунча натыйжалуу иши, жалпы мамлекеттик механизмдин иштешинин эптүүлүгү жетишилет, бийликти кыянаттык менен пайдаланууну жана адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузууну болтурбоо алдын алынат, конституциялык орнотмолор жана мыйзам ченемдеринин талаптары жүзѳгѳ ашырылат.

 

Мында, Конституцияга ылайык Жогорку Кеңеш контролдук функцияларды өз ыйгарым укуктарынын алкагында гана жүзөгө ашырат (70-берененин 1-бөлүгү). Контролдук ыйгарым укуктарынын алкагында Жогорку Кеңешке мамлекетте жана коомдо болуп жаткан процесстер тууралуу, ошондой эле мамлекеттин жана коомдун турмушунун ар кайсы чѳйрѳлѳрүндѳгү кырдаалдар жана алардын ичинде пайда болгон кѳйгѳйлѳр жѳнүндѳ объективдүү маалыматты алуу укугу берилген. Мындай маалыматтын болуусу мыйзам чыгаруучу орган үчүн анын элдин жана жалпы мамлекеттин кызыкчылыгында ишинин натыйжалуулугунун, ошондой эле ѳзүнүн конституциялык функцияларын тийиштүү аткаруусунун зарыл шарты болуп саналат.

 

Ошону менен бирге, Жогорку Кеңеш, мамлекеттик органдардын маалыматын угуу аркылуу парламенттик контролду жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууда, бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту бузган жана алардын ишине кийлигишүүгө жол берген, ошону менен мыйзам чыгаруу бийлигинин  башка бийлик бутактарына караганда үстөмдүк абалын жараткан укуктук жөнгө салууну орното албайт. Ошондуктан парламент Баш мыйзамда каралгандан тышкары башка бийлик бутактарына карата башкаруу ыйгарым укуктурга ээ боло албайт. Конституция Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын толук тизмесин камтыйт, ал Баш мыйзамдын 74-беренесине ылайык мыйзамдар же башка ченемдик укуктук актылар менен кеңейтилиши мүмкүн эмес.

 

Өз кезегинде, сот бийлиги мамлекеттик бийликтин ѳз алдынча бутагы болуп саналат жана эки негизги функциянын болуусу менен мүнөздөлѳт: сот адилеттигин жана сот көзөмөлүн жүзөгө ашыруу.

 

Аталган функцияларды натыйжалуу аткаруу үчүн сот бийлиги көз карандысыз болушу керек. Сот бийлигинин социалдык жана укуктук табиятын эске алганда анын көз карандысыздыгынын даражасы мамлекеттик бийликтин башка бутактарына салыштырмалуу жогору болушу керек, анткени демократиялык укуктук мамлекетте жогорку бийлик болуп мыйзамдын бийлиги саналат. Демек, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылган сот бийлиги калыс жана адилет болуу мүмкүндүгүнѳ ээ болуу үчүн кимдир бирөөнүн таасиринен эркин болууга тийиш.

 

Сот бийлигинин көз карандысыздыгы анын тикелей Конституцияга баш ийүүсүнө негизделген жана мыйзамдын үстөмдүгүнѳ негизделген ар бир укуктук мамлекеттин негиз салуучу принциби жана маанилүү элементи болуп саналат. Башкача айтканда, сот бийлигинин көз карандысыздыгы Конституциянын талаптарын бекем кармануу аркылуу камсыздалышы мүмкүн. Сот бийлигине болгон таасирдин формаларын жана усулдарын Конституцияда каралгандан тышкары кандай гана болбосун кеңейтүү, анын көз карандысыздыгына кол салуу катары каралышы керек.

 

Жогорку Кеңеш тарабынан сот тутумунун иши жөнүндө маалыматка ачык баа берүүгѳ жол берилбестик бийликтин мыйзам чыгаруу жана сот бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту сактоого гана мүмкүндүк бербестен, кыйыр түрдө Жогорку соттун төрагасы тарабынан мындай малыматты түздөн-түз берүү зарылдыгынын жок экендигин далилдеп турат.

 

Жогоруда баяндалганды эске алуу менен, Жогорку Кеңештин сот тутумунун иши жөнүндө ар жылдык маалыматты угуу ыйгарым укугун бекиткен талашылып жаткан ченемдин жөнгө салуу аракети, Конституцияда бекитилген Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын алкагынан чыгып, сот бийлик бутагынын көз карандысыздыгы принциби жана бийликти бөлүштүрүү принцибини сыяктуу конституциялык баалуулуктардын бузулушуна алып келет. Бул ыйгарым укукту Жогорку Кеңештин өкүлчүлүк функцияларынан келип чыгуучу катары кѳрсѳтүү аракети анын конституциялуулугун негиздей албайт.

 

Мында Конституциялык палата, мамлекеттик органдардын ачыктык жана жоопкерчилик принцибине ылайык сот тутуму жабык болбошу керек жана анын иши тууралуу маалымат коомчулук үчүн да, Жогорку Кеңеш үчүн да жеткиликтүү болушу керек (Конституциянын 3-беренеси). Ушуга байланыштуу, сот тутумунун иши жөнүндө маалыматты коомчулукка берүүнүн формалары жана усулдары Жогорку сот тарабынан өз алдынча аныкталышы керек. Маалымат Жогорку Кеңешке сот бийлик бутагынын өз демилгеси менен гана берилиши керек.