Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 333-беренесинин 3-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

12.09.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 11-сентябрында М.М. Жорокулов, К.Л. Тишинина, «Бишкеккурулуш» өндүрүштүк-курулуш фирмасы» ААК, Б.Т. Джаныкулованын кайрылууларына байланыштуу Бузуулар жѳнүндѳ кодекстин 333-беренесинин 3-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемди соттук коргонуу жана ишти жогору турган сотто каратуу укуктарын чектѳѳгѳ тыюу салууну караштырган Конституциянын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп тааныды. Мында, Конституциялык палата талашылып жаткан ченемдин бардыгынын мыйзам жана сот алдында теңдигин, Жогорку соттун иштерди кайра кароо боюнча ыйгарым укуктарын жана анын актыларынын акыркы болуп эсептелээрин регламенттеген Конституциянын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 96-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келүүсүн тапкан жок.

 

Конституциялык палата ѳз чечиминде Бузуулар жөнүндө кодекстин 332-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтому бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адам, жабырлануучу тарабынан, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлү тарабынан, райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн деп белгиледи. Мында Кодекстин 333-беренесинин 3-бөлүгү бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу боюнча кабыл алынган райондук (шаардык) соттун чечимин акыркы деп белгилейт.

 

Мыйзам чыгаруучу тарабынан талашылып жаткан ченемде колдонулган акыркы деген түшүнүк, соттун чечими чыгарылгандан кийин дароо күчүнө кирет жана аткарылат дегенди билдирет, ал эми бул чечимге даттануу, демек кызыкдар адамдын даттануусу боюнча анын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүүнүн милдеттүүлүгү, анын аткарылышын токтото туруу сыяктуу эле жокко чыгарылган.

 

Жаза чарасын салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечиминин мыйзамдуулугун текшерүүдө сот, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин 334-беренесине ылайык Кодекстин 44-главасында каралган эрежелерди колдонууга милдеттүү, башкача айтканда бузуу жөнүндө өндүрүшкө катышкан бардык адамдардын катышуусу менен текшерет. Ошентип, сот бардык тараптардын жана башка жактардын катышуусу менен ыйгарым укуктуу органдын аракеттеринин мыйзамдуулугун текшерип жатып, толук кандуу текшерүү укугуна ээ. Бирок, соттук контролдоонун мындай процедурасы тараптарды жаза чарасын салуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын актысынын мыйзамдуулугун баалоодо мүмкүн болуучу соттук катадан сактабайт.

 

Албетте, жоопкерчиликке тартылган адамдын, жабырлануучунун, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн даттануусу боюнча жасалган укук бузуу үчүн жаза чарасын салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын актысын соттук кортолдоонун алкагында соттук текшерүү ыйгарым укуктуу органдардын ыкчам ишердигине кийилгишпестен, анын аракеттеринин (аракетсиздиктеринин) жана чечимдеринин мыйзамдуулугун текшерүү менен гана чектелет.

 

Бирок, контролдук ишмердик каражаттарынын чакан тизмегине жана усулдарына ээ болгон соттук контролдоого, жалпы сот адилеттигине сыяктуу эле, жеке жана юридикалык жактардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын, башкача айтканда жеке кызыкчылыктарды коргоону камсыз кылуу жана ыйгарым укуктуу органдар тарабынан кетирилген каталарды жокко чыгаруу сыяктуу эле максаттар таандык экендиги белгиленүүгө тийиш.

 

Ушуга байланыштуу, сот чечимине даттануу укугу – бул ыйгарым укуктуу субъект үчүн мыйзамдуу негиздерди жетекчиликке алып, мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө соттук коргонуу үчүн соттук инстанцияга кайрылуу мүмкүндүгүн аныктаган соттук коргонуу укугунун элементи, биринчиден, калыс, комптенеттүү, толук кандуу жана натыйжалуу соттук коргонуу максатында, экинчиден, объективдүү чындыкка жетишүү, чыныгы, адилеттүү, мыйзамдуу жана негизделген чечимди чыгаруу үчүн.

 

Соттук коргонуу укугу жарандын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин өз билемдигинен гана эмес, соттун ката чечимдеринен да коргоону болжойт. Мында натыйжалуу кепилдиктин мындай коргоо чарасы болуп жогору трган сот тарабынан ишти кайра картуу мүмкүндүгүнүн өзү саналат, ал ар бир сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кайсы бир формаларда мамлекет тарабынан камсыз болушу керек.

 

Биринчи инстанциядагы соттун жумушунда аша чапкан же анчалык эмес мерчемдүү катачылыктарды толук менен жок кылуу мүмкүн эмес, ушуга байланыштуу сот өндүрүшү жана аны жөнгө салуучу процесстик укук соттук каталарды четтетүүнүн атайын процедурасыз иштей албайт.

 

Мындай укуктук каражаттарга текшерүү инстанциядагы сотторго: апелляциялык жана кассациялык инстанцияларга төмөн турган соттук инстанциялар тарабынан чыгарылган чечимдердин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн жогору турган соттор тарабынан мыйзамда белгиленген процедуралар чегинде текшерүү максатында соттор тарабынан кетирген каталарды оңдоо үчүн кайрылуу укугу кирет.

 

Демек, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодекси боюнча сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрүн караштырган ченемдер укуктун жалпы принциптерине карама-каршы келе албайт, инсандын кадыр-баркынын конституциялык кепилдиктерин кемсинте албайт жана ар кимдин соттук коргонуу укугун, анын ичинде жаза чарасын салууга укуктуу ыйгарым укуктуу органдын аракеттеринин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча соттук контролдоону жүзөгө ашырууда соттук катадан коргоодон чектелбеши керек.

 

Баяндалгандар, жеке жана юридикалык жактар соттук коргонуу укугунун маңызын чектеген жѳнгѳ салуучулук таасирге дуушар болбошу керек дегенди билдирет.