Меню навигации+

Б.М. Маанаевдин кызыкчылыгын кѳздѳгѳн К.К. Омуркановдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 14-мартындагы № 09 аныктамасына даттануусун кароо жѳнүнүндѳ иш боюнча пресс-релиз

06.05.2019

2019-жылдын 7-февралында Конституциялык палатага Б.М. Маанаевдин кызыкчылыгын кѳздѳгѳн К.К. Омуркановдун Жазык-аткаруу кодексинин 4-беренесинин 2-бѳлүгүнүн, 80-беренисинин 3-бѳлүгүнүн, Жазык кодексинин 89-беренесинин 4-пунктунун Конституциянын 6-беренесине ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылуусу келип түшкөн.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүн 1, 2 жана 4-бөлүктѳрүнө ылайык эгерде кайрылуу таризи жана мазмуну боюнча аталган конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келбесе, кайрылуу тиешелүү эмес органдан же жактан (субъекттен) келип түшсө, ошондой эле кайрылууда билдирилген талап Конституциялык палатанын кароосуна караштуу болбогон учурларда судьялар коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат.

 

Арыздануучу тарабынан талашылып жаткан ченемдер  менен адамдын жана жарандын кайсы укуктары менен эркиндиктери бузулуп жатканы кѳрсѳтүлгѳн эмес, ал эми кайрылууда коюлган маселелер укук колдонуу чѳйрѳсүнѳ таандык болгонун эске алуу менен соттук коллегия жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын ченемдердине шилтеме жасап, 2019-жылдын 14-мартындагы № 09 аныктамасы менен ѳтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тарткан.

 

К.К. Омурканов жорогуда көрсөтүлгөн аныктама менен макул болбостон, 2019-жылдын 25-мартында Конституциялык палатага даттануу менен кайрылган.

 

Конституциялык палата 2019-жылдын 6-майында К.К. Омуркановдун даттануусун карап чыккан.

 

Конституциялык палата өзүнүн токтомунда К.К. Омуркановдун Жазык-аткаруу кодексинин 4-беренесинин 2-бѳлүгүнүн, 80-беренисинин 3-бѳлүгүнүн, Жазык кодексинин 89-беренесинин 4-пунктунун Конституциянын 6-беренесине ылайык эместиги жөнүндө даттануусунда талашылып жаткан ченемдер менен ал шилтеме жасаган конституциялык орнотмонун ортосундагы логикалык-укуктук ѳз ара байланышты камтыган жүйөлѳѳчү негиздеме болгондугун  белгилеген. Арыздануучу судьялар коллегиясынын аныктамасына даттанууда судьялар коллегиясынын тыянактары менен шартталган жана аны жокко чыгарууга багытталган аргументтерди келтирген эмес. Ѳз көз карашынын негиздемеси катары, ал кайрылууда көрсөтүлгөн жүйѳлѳрдү, талашылып жаткан ченемдердин колдонулушу менен байланышкан жагдайларды кайталап келтирүүдѳ.

 

Конституциялык палата, К.К. Омурканов ѳз ѳтүнүчүндѳ койгон маселелер Конституциялык палатанын кароо предмети боло албайт деген жыйынтыкка судьялар коллегиясынын келиши негиздүү, анткени ал анын корголуучусунун кайсы укуктары менен эркиндиктери бузулуп жатканын так көрсөтүп, конкреттештирген эмес жана талашылып жаткан ченемдердин Конституциянын 6-беренесине карама-каршы келүүсү тууралуу жүйѳлѳрдү гана келтирген деп белгилеген.

 

Ушул берененин 5-бѳлүгү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын ѳткѳн мезгилге карата колдонулушунун жалпы шарттарын аныктаган ченем-принцип болуп эсептелип, адамдын жана жарандын конкреттүү субъективдүү укуктары менен эркиндиктерин орнотпойт.

 

Мында, Конституциялык палата, арыздануучунун, судьялар коллегиясы аны Конституциялык палатага кайрылуу укугунан ажыратты деген сѳзү судьялар коллегиясынын тыянактарын туура эмес түшүнүүнүн натыйжасы болуп эсептелет деп белгиледи. К.К. Омурканов судьялар коллегиясынын аныктамасында кѳрсѳтүлгѳн кемчиликтерди жоюу шартында, Конституциялык палатага ал талашып жаткан ченемдердин конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ѳтүнүч менен кайталап кайрылууга укуктуу.

 

Ушуга байланыштуу, Конституциялык палата арыздануучунун даттануусун канааттандыруудан баш тартты.