Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1-беренесинин 11-пунктунун «б», «в» жана «г» пунктчаларынын конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз

13.02.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин юридикалык жакты чет өлкөлүк юридикалык жактарга каратуунун белгилерин аныктаган 1-беренесинин 11-пунктунун «б», «в» жана «г» пунктчаларынын конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, талашылып жатан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды.

 

Конституциялык палата өз чечимин төмөнкүдөй тыянактар менен негиздеген.

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде берилген чет өлкөлүк юридикалык жактын түшүнүгү кеңири болуп саналып, ѳзүнѳ чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана катталган юридикалык жакты гана эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк катышуусу менен катталган юридикалык жакты да камтыйт. Башкача айтканда - бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактарга толугу менен таандык болгон; бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар тарабынан: кат жүзүндөгү контракттын, добуш берүүчү көпчүлүк акцияларды сатуу укугу, аткаруучу жана байкоочу органдын көпчүлүк мүчөлөрүн дайындоо укугу аркылуу контролдонуучу же башкарылуучу; чет өлкөлүк жарандарга же юридикалык жактарга, жарандыгы жок адамдарга таандык болгон уставдык капиталдын кеминде жыйырма пайызына ээ болгон; мамлекеттер аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн юридикалык жак.

 

Жогоруда аталган чет ѳлкѳлүк юридикалык жактын белгилери юридикалык жак кайсы мамлекетке таандык экенин жана кызмат кыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгѳн конкреттүү юридикалык жактын ээлери, катышуучулары, башкаруучу адамдары кайсы мамлекетке таандык экенин аныктоого мүмкүндүк берген юридикалык жактын улутун аныктоонун материалдык-укуктук критерийи болуп эсептелген башкаруу критерийине негизделген. Башкаруу критерийи эл аралык тажрыйбада кеңири колдонулат жана мамлекеттер тарабынан юридикалык жактардын улутун натыйжалуу аныктоо жана менчик объектисинин өзгөчөлүктөрүнѳ жарша ѳзүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн ѳзүлѳрүнүн улуттук укуктук ситемаларына имплементацияланат.

 

Мыйзам чыгаруучу тарабынан жарандык мыйзамдарда бекитилген, юридикалык жактын жеке мыйзамына негизделген инкорпорация белгилерине кошумча катары жер мыйзамдарына чет ѳлкѳлүк юридикалык жактын белгилерин киргизүү укуктук мамилелердин объектинин маанилүүлүгү менен шартталган, анда жер Кыргызстандын элинин турмушунун жана ишмердигинин негизи болуп саналат жана мамлекеттин ѳзгѳчѳ коргоосунда турат.

 

Ушуга байланыштуу, талашылып жаткан ченемдер менен аныкталган чет ѳлкѳлүк юридикалык жак түшүнүгүнө туура келген юридикалык жактардын жер участокторуна болгон менчик укуктарын чектөө, улуттук коопсуздукту коргоо максатында коюлган, мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузуу коркунучун алдын алууга багытталган жана ѳлчѳмдѳш болуп эсептелет.

 

Ошону менен бирге, чет ѳлкѳлүк юридикалык жактарга жер участогуна менчик кылууга тыюу салуу, алардын экономикалык жана мыйзамда тыюу салынбаган башка ишмердүүлүктү жүзѳгѳ ашыруу үчүн жер участокторун убакытлуу колдонуу укугун чектебейт.

 

Кайрылууда коюлган маселе Жер кодексине ылайык чет ѳлкѳлүк юридикалык жак түшүнүгүнѳ туура келген банкка, рекреация объекти болуп саналган күрѳѳдѳ турган мүлктүн менчикке ѳтүшүнѳ тиешелүү экенин эске алганда, Конституциялык палата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мѳѳнѳттѳрдѳ жана тартипте рекреация объектин ээликтен чыгаргыча финансы-кредиттик мекеме тарабынан ага убактылуу ээ болуу укугун тариздѳѳнүн укуктук жѳнгѳ салынышында   кенемтенин бар экени тууралуу белгиледи.