Меню навигации+

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренисинин 4-бөлүгүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

04.09.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 4-сентябрында И.Д. Кадырбековдун өтүнүчүнө байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыккан жана талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныган.

 

Конституциялык палата өз чечиминде, шайлоо демократиялык мамлекеттин маанилүү элементи катары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын курууда элдин эгемендүүлүгүнүн негизги түрү, бийликтин булагы катары анын өзгөчө ролу  болуп саналаарын белгиледи.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесине ылайык Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча конституциялык мыйзам менен аныкталган тартипте шайланат. Ошентип, мезгил-мезгили менен эркин шайлоо аркылуу пропорциялуу система боюнча жалгыз гана мыйзамдуу жол менен Жогорку Кеңешти түзүүнү таануу менен,  Кыргыз Республикасынын Конституциясы шайлоонун уюмдашуу ыкмаларын, өткөрүү жана жалпылоо  маселелерин мыйзам чыгаруучуга калтырат.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын көрсөтмөлөрүн анданары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы кабыл алынган, ал Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу тартибин аныктайт, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө жана мыйзамы менен белгиленген шайлоо системасынын моделин шайлоонун жыйынтыктарын чыгарууга байланыштуу мамилелерди жөнгө салат.

 

Колдонуудагы шайлоо мыйзамдарына ылайык талапкерлердин тизмесин түзүү тартибинен, добуш мазмунунан (партия үчүн добуш берүү), аймактын көлөмүнөн, алынган добуштарды мандаттарга которуусунан Кыргыз Республикасында  жабык тизмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын пропорционалдуу  шайлоо  системасы орнотулгандыгы келип чыгат.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы шайлоо системасынын конституциялык-укуктук маңызы туурасында бир нече жолу өз көз карашын билдирген. Атап айтканда, ал  өз чечимдеринде, шайлоо процессинин негизги субъекттери болуп өзүнчө талапкерлер эмес, саясий партиялар болуп саналаарын болжолдойт жана ал партиялардагы талапкерлердин тизмеси шайлоочулардын добушу үчүн күрөштө өз ара атаандаштыкка түшөт деп көрсөткөн. Пропорционалдуу шайлоо системанын алкагында саясий партиялардын өз талапкерлерин (талапкерлердин тизмесин) көрсөтүү укугу бул системанын укуктук жаратылышы тарабынан белгилүү болгон.

 

Пропорциялык шайлоо системасы боюнча өткөрүлгөн шайлоолордо шайлоочулар саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерге добуш беришет. Уткан тизмедеги мандаттар алардын тизмеде жайгашуусундагы кезеги боюнча талапкерлердин ортосунда бөлүштүрүлөт. Демек, ар бир жаран Конституцияда кепилденген шайланууга болгон укугун талапкер катары партиялык тизме аркылуу ишке ашырып, шайлоонун жыйынтыгы боюнча депутаттык статуска ээ болуу мүмкүнчүлүккө жетишет.

 

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен бекителген Кыргыз Республикасында Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо пропорциялуу система жабык тизмелер боюнча эл аралык стандарттарга ылайык жана жарандардын мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга конституциялык укуктарын чектөөгө же бузууга алып келиши мүмкүн эмес.

 

Шайлоо бюллетенинде саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин жеке маалыматты камтылган эместиги, андай маалыматтын жоктугу же аны шайлоочулардан жашыруу катары каралышы мүмкүн эмес.

 

Бардык талапкерлер, ошондой эле ар бир партиянын шайлоо алдындагы программасы жөнүндө так маалымат  ар бир шайлоочууга шайлоо алдындагы үгүт иштерин учурунда бардык мыйзамдуу каражаттар менен берилет. Демек, шайлоочуу саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер туурасында кабары жок деген өтүнүч ээси тарабынан айтылгандары негизсиз.

 

Шайлоо бюллетенинде учурдагы шайлоо системасынын моделине ылайык талапкерлердин жеке маалыматы көрсөтүлбөгөндүгү, бул шайлоочулардын эркин билдирүү добуш берүү аркылуу жана катталган талапкерлердин тизмесин ортосунда чечилбес ажырымды түзбөйт, анткени, талапкер шайлоо бюллетенине жазылган болобу, же жок болгонуна карабастан, шайлоочу саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы тизмеси үчүн добуш берет, ал, акыры, жарандардын Жогорку Кеңешине шайлоого жана аларга шайланууга конституциялык укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылбайт.

 

Пропорциялык шайлоо системасынын бир же башка түрүн тандоо, саясий системанын өнүгүшүнүн белгилүү коомдук-саясий шарттарына жана өзгөчөлүктөрүнө жараша, мыйзам чыгаруучунун ыйгарым укуктарына кирет. Тиги же бул шайлоо жол-жоболорун түрлөрүн колдонууда, шайлоонун жыйынтыгы боюнча шайлоочулардын чыныгы эркин билдирген, шайлоонун конституциялык-укуктук мүнөзү менен шайкеш келген тиешелүү кепилдиктери менен камсыз кылууга мыйзам чыгаруучу тарабынан милдеттендирет.