Меню навигации+

«Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Мыйзамдын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

21.02.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 20-февралында А.А. Рябушкиндин кайрылуусуна байланыштуу «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Мыйзамдын ишкерлик кылып жүргѳн жеке жак тарабынан товардык белгини каттатуу маселесин регламенттеген  3-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды.

 

Конституциялык палата ѳз чечиминде «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Мыйзамдын 2-беренесине ылайык товардык белги жана тейлөө белгиси - бул бир юридикалык жана жеке жактардын товарлары менен кызмат көрсөтүүлөрүн башка юридикалык жана жеке жактардын бир түрдүү товарлары менен кызмат көрсөтүүлөрүнөн айырмалоого жөндөмдүү белгилөөлөр деп белгиледи. Бул, товардык белги жана тейлөө белгиси товарларды, жумуштарды, кызматтарды индивидуалдаштыруу каражаты катары чыгарын билдирет. Индивидуалдаштыруу каражаттарынын укуктук табияты жана маңызы сатып алуучуга бир ѳңчѳй товарларды (жумуштарды, кызматтарды) окшоштурууга мүмкүндүк берген жеке ишкердик субъектилери ѳндүргѳн продукцияны обочолотууда турат жана алардын сапаты тууралуу тиешелүү түшүнүктү түзѳт.

 

Индивидуалдаштыруунун маңызы субъектти (объектти) ага гана тиешелүү болгон тийиштүү белгилерди андан табуу жолу менен жалпы массадан бѳлүп чыгарууда турганын эске алганда, Конституциялык палата, индивидуалдаштыруу каражаты таандык болгон жарандык укук объектилери коммерциялык жүгүртүлүштү чектѳѳ менен чагылдырылган аларды колдонуунун жалпы ѳзгѳчѳлүгүнѳ ээ деп белгиледи.

 

Дал ушуга байланыштуу товардык белги пайдаланылбай калган учурда анын каттоосун токтотуу мүмкүндүгүн караштырган Жарандык кодекстин 1110-беренесинин мазмунунан товардык белгини милдеттүү пайдалануу жѳнүндѳ талап келип чыгат, «Эгер корголуучу товардык белги тиешелүү мезгил аралыгында пайдаланылбаса, анда анын укуктук корголушу токтолушу мүмкүн» деген эреже орнотулган Ѳндүрүш менчикти коргоо боюнча Париж Конвенциясынын (5-беренесинин С (1) бѳлүгү), Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашуунун (ТРИПС) (19-беренесинин 1-пункту) ченемдери менен макулдашат.

 

Ошентип, мыйзам чыгаруучунун ою товардык белгини пайдалануу жаатын конкретизациялоого багытталган болуучу. Ошондуктан талашылып жаткан ченемдер ѳзүндѳ кандайдыр бир тыюу салуучу же уруксат берүүчү императивдик буйрууну камтыбастан, тактоочу мүнѳзгѳ ээ жана товардык белгини максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу менен жарандык жүгүртүлүш жаатындагы ар түрлүү кыянаттыктарды жокко чыгаруу максатында товардык белгинин жеке ишкердик менен үзгүлтүксүз байланышын кѳргѳзүп турат. Демек мындай түрдѳгү тактоолор товардык белгини колдонуу жаатынан келип чыкканда, Конституцияда кепилденген жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектѳѳ катары кааралышы мүмкүн эмес.

 

Ушуга байланыштуу, Конституциялык палата «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Мыйзамдын талашылып жаткан ченемдеринде Конституцияга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон интеллектуалдык менчик боюнча эл аралык келишимдерге болгон карама-каршылыкты тапкан жок жана алар товардык белгилер менен тейлѳѳ белгилерин каттоо, укуктук коргоо жана пайдаланууга байланыштуу келип чыккан коомдук мамилелерди системдүү жана комплекстүү жѳнгѳ салууга багытталган деп эсептейт.