Меню навигации+

«Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жѳнүндѳ» Мыйзамдын 19-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 4-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз

18.04.2019

Конституциялык палата 2019-жылдын 17-апрелинде М.Э. Токтоматовдун кайрылууусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жѳнүндѳ» Мыйзамдын 19-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 4-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды.

 

Конституциялык палата ѳз чечиминде адвокатура институту Конституцияда жар салынган адамдын укуктары жана эркиндиктеринин сакталышын кепилдѳѳгѳ милдеттендирилген, ошондой эле сот адилеттигин жүзѳгѳ ашыруу маанилүү мамлекеттик функцияны аткарууга катышат деп белгиледи. Ушуга байланыштуу, кесиптик негизде Конституцияда кепилденген квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү, аны жүзѳгѳ ашыруунун ѳзгѳчѳ тартибин жана шарттарын аныктоону талап кылат. Ошондуктан «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жѳнүндѳ» Мыйзам адвокаттарга тиешелүү кесиптик жана башка талаптарды коюуда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиядан ажыратуунун негиздерин караштырган, ошондой эле кесиптик адвокаттык ишке адамдардын келишинин зарыл шарттарын аныктаган.

 

Аталган Мыйзамдагы чектѳѳчү чаралардын бири болуп, адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиядан ажыратуунун натыйжасында адвокаттын статусунун токтотулушу эсептелет. Бул чара адвокат тарабынан оордугунун даражасы боюнча эң эле олуттуу тартип жосундарынын жасалгандыгы үчүн колдонула турган тартип жоопкерчилигинин эң катуу чарасы болуп эсептелет.

 

Юридикалык жоопкерчиликтин мындай чарасы зарыл болуп эсептелет жана мамлекет коомдун коомдук-маанилүү кызыкчылыктарын коргоодо инсандын турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына, ошондой эле адвокатура инcтитутунун жана жалпысынан сот адилеттигинин бедел баркына  олуттуу залал келтире ала турган, ѳзүнүн милдеттерин абийирсиздик менен аткарган адвокаттардын мыйзамсыз, социалдык-коопту жүрүм-турумунан алдын ала сактоочу максаттарды кѳздѳѳсү менен акталуу.

 

Мында, мамлекет, инсанды анын укуктары жана эркиндиктеринде чектѳѳдѳ, бир жагынан коомдун негиздеринин кебелбестигин, экинчи жагынан инсандын жана мамлекеттин айкалышып жашоосун камсыз кылган коомдук кызыкчылыктын маанилүүлүгү принцибин жетекчиликке алышы керек.

 

Бирок, тиешелүү мѳѳнѳт ѳткѳндѳн кийин лицензияны алуу үчүн кайталап кайрылуу мүмкүнчүлүгүсүз адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиядан ажыратуу мамлекеттин коомдук кызыкчылыктары менен инсандын эмгек эркиндигине болгон укугунун ортосундагы тең салмактуулукту бузган, кѳздѳгѳн конституциялык маанилүү максатына ѳлчѳмдѳш эмес чектѳѳ болуп эсептелет.

 

Мыйзам чыгаруучу, мындай чектѳѳнү караштырып, ошол эле убакытта «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жѳнүндѳ» Мыйзамда башка мамлекеттик органдардан терс негиздер боюнча бошотулган же соттолгон кээ бир субъекттер соттуулугу жоюлган же алып салынган, же болбосо тиешелүү убакыт ѳткѳндѳн кийин адвокаттык лицензияны ала алыша турган шарттарды караштырган.

 

Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алуунун тартибин регламентациялоого болгон мындай мамиле, адвокаттык лицензиядан ажыратылган адамдарга салыштырмалуу жоюлган же алып салынган соттуулугу бар адамдарга, бошотулган судьяларга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине укуктардын чоң кѳлѳмүн берүү менен бирѳѳлѳрдүн экинчилерге карата артыкчылыктуу абалын түзүүдѳ.

 

Ушуга байланыштуу, Конституциялык палата, талашылып жаткан ченем менен орнотулган чектѳѳнүн объективдүү жана орундуу негизи жок жана конституциялык маанилүү максаттарга шайкеш келбейт деген жыйынтыкка келүүдѳ.

 

Ошону менен бирге, Конституциялык палата, жаңы укуктук жѳнгѳ салууну киргизүүдѳ адвокаттык лицензияны алуу үчүн кайталап кайрылуу укугу чексиз мүнѳзгѳ ээ болушу мүмкүн эмес экенин жана андай болбосо бул катуу жоопкерчилик чарасынын мааниси жокко чыгаарын эске алуу керек деп белгиледи.