2013-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ачык жыйналышта «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын 7-11, 13-14, 17-, 22-23, 28-беренелеринин, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 24-, 29-беренелеринин, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамынын 38-, 164-беренелеринин, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 10-беренесинин конституциялуугун текшерүү жөнүндө ишти карады жана ал боюнча өз чечимин чыгарды.
Жаран И.А. Трофимовдун каайрылуусу ишти кароонун себеби болду.






