Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 42- жана 48-беренелеринин конституциялуугун текшерүү жөнүндө

2013-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 42- жана 48-беренелеринин Конституциялуугун текшерүү жөнүндө ишти карады жана аталган иш боюнча өзүнүн чечимин чыгарды.

Жарандар  А.К.Рахимов,  С.А.Мусабаев жана К.К.Кудайбергеновдун кайрылуулары ишти кароонун себеби болду.

 

Маселенин тарыхы

2012-жылдын 10-августундагы №164 Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамы менен  кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны, соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан шаардын мэри же айыл өкмөтүнүн башчысы болушу мүмкүн эместигин белгилеген Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген.

 

Кайрылуучунун өтүнүчүндө, ал мэрдин кызмат ордуна талапкерлигин койгондо, мыйзам менен белгиленген тыюу менен ага каттодон баш тартылган. Шайлоону өткөрүүнүн натыйжасында айыл өкмөтүнүн башчысы ордун ээлеген башка кайрылуучуларга карата, аларды ээлеген ордунан бошотуу тууралуу прокуратура тарабынан  мыйзам менен белгиленген тыюунун натыйжасында тиешелүү   жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссияга  сунуш киргизилген.

 

Кайрылуучунун позициясы

Кайрылуучулардын пикири боюнча, алар Конституцияга каршы деп арызданган мыйзамдын ченемдери негизсиз жана ченеми келишпеген болуп эсептелет, анткени алар кайрылуучулардын шайлануу же тандалуу укугун чектеп, соттуулугу  жоюлгандыгын  же соттуулугу алынып салынгандыгын жана башка шарттарды эске албайт.  Ушуга таянып, алар бул мыйзам жоболорун Конституциянын 16-беренесине (3-бөлүгүнө), 20, 52-беренелерине  (1-бөлүктүн 2-пункту жана 4-бөлүк)  туура келбейт деп табууну өтүнүштү.

 

Конституциялык палатанын позициясы

Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарга ылайык Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы болуп, өз бийлигин түздөн түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат.

Эл аралык укуктун жалпыга таанылган стандарттарынын натыйжасында жарандардын шайлоо жана шайлануу укугу, демократиялык коомдогу жарандын конституциялык-укуктук статусунун ажыралгыс элементи болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына киргизилген Кыргыз Республикасынын жараны, соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан шаарга мэр же айыл өкмөтүнун башчысы болушу мүмкүн эмес деген талабынын негизинде, жарандардын пассивдүү шайлоо укуктары чектелген.

Бирок киргизилген чектөөлөр соттолгон кишинин кылмышынын мүнөзү коомчулук үчүн канчалык даражада кооптуу жана оор экенин эске алган эмес.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 42-беренесинин 2-абзацы менен 48-беренесинин 2-абзацы   өтө оор эмес кылмыштары жана жеңилирээк кылмыштары үчүн соттуулугу жоюлган же соттуулугу алынып салынган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деген чечим кабыл алды.

Ошондой эле Конституциялык палата мыйзам чыгаруучуга Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 42-жана 48-беренелерине  тиешелүү өзгөртүүлөрдү кечиктирбей киргизүү керек деген көрсөтмө берди.

 

 Процессте Төрагалык кылган                  КАСЫМАЛИЕВ МукамбетШадыканович

Судья-баяндамачы                                     НАРЫНБЕКОВА АйсалкынОмуралиевна