Меню навигации+

Жарандык кодекстин 282-беренесинин жана Жарандык процессуалдык кодекстин 209-беренесинин конституциялуугун текшерүү жөнүндө

2013-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жаран Евгений Владимирович Осинцевдин кайрылуусу боюнча ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Жарандык  Кодексинин (ЖК) 282-беренесинин 1-бѳлүгүн жана Жарандык процессуалдык Кодексинин (ЖПК)  209-беренесинин 1-бѳлүгүн конституциялуугун текшерүү жөнүндө иш карады.

 

ЖКнын 282-беренесинин 1-бѳлүгү жана ЖПКнын 209-беренесинин 1-бѳлүгү  Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу, ишти кароого негиз болду.

 

Маселенин тарыхы

 Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына жаран Е.В. Осинцевдин  ЖКнын 282-беренеси жана ЖПКнын 209-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесине ылайык эместигин таануу жѳнүндѳ өтүнүчү келип түшкөн, ага ылайык ар ким турак-жайлуу болууга укуктуу жана эч ким турак-жайынан өзүм билемдик менен ажыратылбоого тийиш.

ЖКнын 282-беренеси эгерде мыйзамда же келишимде өндүрүп алуунун башка тартиби каралбаса, менчик ээсинин милдеттенмеси боюнча мүлк менен өндүрүп алуу жолу аркылуу мүлктү алып коюу соттун чечиминин негизинде жүргүзүлѳт деп караштырылган.

ЖПКнын 209-беренеси ишти караган сот ишке катышкан жактардын арызы боюнча тараптардын мүлктүк абалына же башка жагдайларына негизденүү менен чечимди аткарууну кийинкиге калтырууга же мөөнөтүн узартууга, ошондой эле аны аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүүгө укуктуу  болот деп аныктайт. 

 

Тараптардын позициясы

 Арыз берүүчүнүн ою боюнча, ЖКнын 282-беренеси жана ЖПКнын 209-беренеси менчик ээсин жашаганга жарай турган жалгыз турак-жайынан, ага башка турак-жай  бербестен, менчик ээсинин милдеттенмелери боюнча өндүрүп алуу жолу менен ажыратып салууга шарт түзөт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү, арыз берүүчү талашып жаткан КР ЖКнын жана КР ЖПКнын ченемдери Конституциянын ченемдерине карама-каршылыкка киришпейт деп эсептейт жана өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартууну өтүнөт.

 

Конституциялык палатасынын позициясы

 Турак-жайдан негизсиз ажыратууга жол берилбей тургандыгы жѳнүндѳгү принциби эч ким өз турак-жайын же ушул турак-жайга карата болгон укуктарын соттун чечими боюнча же Конституция жана мыйзам тарабынан (Конституциянын 12-беренесинин 2-бөлүгү) белгиленген учурлардан тышкары учурларда жогото албай тургандыгын түшүндүрүп турат. Ошону менен бирге, мүлктү мажбурлап тартып алып коюу учурундагы соттук тартипти мүлккө карата болгон менчик укугун токтотуунун негизги ыкмасы катары кароо зарыл, ал эми калган ыкмалар – өз алдынча алына турган жана эгерде алар мыйзам тарабынан улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоого, калктын саламаттыгын жана ыймандуулугун коргоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максаттарында каралган учурларда гана каралат.

Келишимдик милдеттенмелерден келип чыга турган жарандык-укуктук мамилелерге карата колдонгондо, мүлктөн негизсиз ажыратууга тыюу салуу жөнүндө конституциялык белгилөөлөр тике  жана кыйыр түрдө жарандык-укуктук жөнгө салгычтар аркылуу аракет кылышат. Мындай жөнгө салгычтардын бири болуп Жарандык кодекс кызмат кылат, ал текшерилүүчү ченемде (282-берене) жогоруда көрсөтүлгөн мүлктөн негизсиз ажыратууга жол бербөө жөнүндө конституциялык жоболорду иш жүзүнө ашырган.

 

Жалпы кабыл алынган теңдикти, жарандык-укуктук мамилелердин катышуучуларынын эркинин автономиялуулугун жана мүлктүк өз алдынчалуулугун түшүндүрүп туруучу менчикке кол тийбестиктин жана келишим эркиндигинин конституциялык принциптери, кимдир-бирөөнүн жеке иштерге негизсиз кийлигишүүсүнө жол берилбестиктер, мүлккө ээ болуунун, пайдалануунун жана аны өз каалаганындай жумшоонун эркиндигин шарттап турушат. Бул, менчик ээси, өз каалоосу боюнча, ага тийиштүү болгон мүлккө карата каалагандай, эгерде алар мыйзамга каршы келбей жана башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбай турган болсо, анын ичинде менчик ээси тарабынан кыймылсыз мүлк объектилерине тийиштүү болгон мүлктүн эсебинен өзүнүн жарандык-укуктук милдеттенмелерин аткаруу мүмкүндүгүн кошо алганда аракеттерди жасай ала тургандыгын түшүндүрѳт.

Демек, менчик ээси өзүнѳ белгиленген эрктин автономиялуулугу жана тараптардын теңдештигинин негизинде гана келишилип кол коюлган келишимдин маанисинен жана мазмунунан чыгуучу жарандык-укуктук милдеттенмелеринин бардык мүмкүн болгон натыйжалары үчүн жоопкерчиликтүү болот. Менчик ээсинин милдеттенмелери боюнча өндүрүп алууга кайрылуу жолу менен мүлктү алып коюу, анын ичинде турак-жай мүлкүн кошо алганда, мыйзам тарабынан каралган мүлккө карата менчик укугун токтотуу учуру болуп эсептелет жана мүлкүнөн негизсиз ажыратуу катары каралышы мүмкүн эмес.

Мында, мыйзам чыгаруучу мүлктүн, анын ичинде турак-жай имаратынын ээсин кошо алгандагы менчик ээсинин жоопкерчилигинин ченемин, милдеттенменин мүнөзүнөн жана кол коюлуп келишилген келишимдин укуктук натыйжаларынан көз каранды түрдө чектеп коюуга укуктуу. Демек, мүлктүн менчик ээси, ипотекадан келип чыгуучу жарандык-укуктук милдеттенмелердин алкагында камсыздоочу милдеттенмеси боюнча өз эркин так көрсөтүү менен, ипотека келишими аркылуу күрөөгө коюлган мүлк боюнча жоопкерчиликти толук өлчөмдө тарта алат. Ал эми менчик ээси  өзү үчүн андан мүлктү тартып алып коюуну эч божомолдобогон башка жарандык-укуктук милдеттенмелер боюнча, мыйзам чыгаруучу, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын коргоо максаттарында кредиттордун мүлктү, атап айтканда, эгерде ал менчик ээси үчүн бирден-бир жашоого жарай турган турак-жай имараты болуп эсептелген турак-жай имаратын тартып алып коюуга карата укугуна чектөөлөрдү алдын ала караштырышы мүмкүн болмок.

 

Жарандык кодекстин 59-беренесине ылайык жаран өз милдеттенмелери боюнча ага тиешелүү болгон бардык мүлкү менен жооп берет, мында жарандык процессуалдык мыйзам чыгаруу тарабынан тизмеги белгилене турган жана ага өндүрүү кайрыла албай турган  мүлк чыгарылып ташталат. Бирок жарандык процессуалдык мыйзамда мындай тизмек камтылган эмес, ал «Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу» мыйзамга карата тиркемеде көрсөтүлгөн.

Мыйзам чыгаруучунун аткаруу документтери боюнча мүлктүн белгилүү бир түрлөрүнө анын максаттуу багытынан, ал ошонун менчигинде болгон субъектти мүнөздөп турган сапатынан жана белгилеринен улам өндүрүүгө кайрылууга тыюу салган мындай мамилеси, карыз болуп калган жаранга мүлктүк (аткаруучулук) иммунитетти берүү жана ага, анын багуусунда болгон башка адамдарга, татыктуу жашоо улантууга зарыл боло турган шарттарды сактоо менен шартталган. Бул тизмекте карыз болуп калган адам жана анын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн бирден-бир жашаганга жарай турган турак-жай имараты болуп эсептелген турак-жай имараты көрсөтүлгөн эмес.

Соттордун чечимдерин аткаруу ыкмасынын же тартибинин өзгөртүлүшү болсо, жарандардын соттук коргоого карата болгон конституциялык укуктарын иш жүзүнө ашырууда тараптардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн чыгарылган соттук актынын натыйжалуу аткарылышына багытталган соттордун ыйгарым укуктары болуп саналат. Соттордун бул укук ыйгарымынын чектери өндүрүү кайрылышы мүмкүн болбогон мүлктөрдүн тизмегине кирген гана мүлктөрдүн түрлөрү менен чектелет.

Келтирилген негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Жарандык  Кодексинин  282-беренесинин 1-бѳлүгүн жана Жарандык процессуалдык Кодексинин 209-беренесинин 1-бѳлүгүн конституциялуу деп чечти.

 

 

Процессте төрагалык кылган:                Муканбет Касымалиев

Судья-баяндамачы:                                         Чинара  Айдарбекова