Меню навигации+

Жарандык процессуалдык кодексинин 337-6-беренесинин 2-пунктунун конституциялуугун текшерүү жөнүндө

2013-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сстунун Конституциялык палатасы жаран Дуйшекан Усубакуновна Шигаеванын кайрылуусу боюнча ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексинин 337-6-беренесинин 2-пунктунун конституциялуугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексинин 337-6-беренесинин 2-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу, ишти кароого негиз болуп эсептелди.

 Маселенин тарыхы

 Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары – Конституционная палата) жаран Д.У.Шигаевадан Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кКодексинин  337-6 беренесинин 2-пунктунун конституциялык экендигин текшерүү жана ушул ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-, 8-пункттарына жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайыктуулугун таануу жөнүндө өтүнүч каты келип түшкөн.

 

Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кКодексинин  337-6-беренесинин 2-пункту кассациялык даттануу же сунуш даттанууну же сунушту берген адамга сотко даттанып кайрылуу мөөнөтү өтүп кеткен же болбосо сунуш киргизүүдө өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү өтүнүчү камтылбаган учурларда  кайтарылып бериле тургандыгы караштырылган. Жак тарабынан өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз берилген учурда сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып бир жылдан ашпаган мөөнөттө кайра даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүүгө укуктуу.

 

Берилген материалдарга ылайык, Бишкек шаардык сотунун 2010-жылдын 28-июлундагы аныктамасы менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2010-жылдын 11-майындагы аныктамасы жокко чыгарылган жана «Кыргызстан» коммерциялык банкы» ААКынын Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун аныктамасына даттануунун өткөрүлүп жиберилген мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт өтүп кеткенден кийин берилген жеке даттануусун канааттандыруу жөнүндө жаңы чечим кабыл алынган. Бишкек шаардык сотунун аныктамасы, Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексинин  талашылып жаткан ченеми Конституцияга карама-каршы келбейт деген корутундуларга негизделген эле, анткени кассациялык даттанууга карата мөөнөттү калыбына келтирүүдөн баш тартуу «Кыргызстан» коммерциялык банкы» ААКы тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгү тарабынан белгиленген соттук коргоого карата укугун жүзөгө ашырууга тоскоол болот.

 

Тараптардын позициясы

Д.У. Шигаева өз кайрылуусунда Конституциялык палатанын көңүлүн Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексинин 337-6-беренесинин      2-пунктунун Конституцияга ылайыгы тууралуу  маселеде аныктык эместиктин бар экендигине бурат жана ушул ченемдин конституциялуулугунатекшерүү жүргүзүүнү суранат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.Р.Садыков  Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексинин  337-6-беренесинин     2-пункту Конституциянын ченемдерине карама-каршы келбейт деп эсептейт, анткени бул ченем башка жактардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган.

 

Конституциялык палатасынын позициясы

 Мыйзам чыгаруучу коомдук мамилелердин бул тармагын жөнгө салууда, бир жактан мыйзамдуу күчүнө кирди деп таанылган соттук чечимдин укуктук макамынын туруктуулугун (аныктыгын) камсыз кылуунун зарылдыгынан ал эми  экинчи жагынан болсо – мыйзамдуу күчүнө кирген, бирок ошол эле учурда материалдык жана процессуалдык укукту колдонууда катачылыкты камтып турган соттук чечим мыйзамдуу каралган негиздерде жана аң-сезимге сыя турган мөөнөттөрдө жогору турган сот тарабынан кайра каралышы мүмкүн болгон ченемдик шарттарды орнотуудан улам аракеттенген. Андай болбогон учурларда, бул көрсөтүлгөн принциптерди сактабай коюу укуктук мамилелердин туруксуздугуна, акыркы соттук акт тарабынан белгиленген анын катышуучуларынын укуктук макамын өзү билгендей өзгөртүүгө алып келмек, талаш-тартыш мамилелерде анык болбоочулукту түзмөк.

 

Кызыктар болгон тараптардын процессуалдык мөөнөттү калыбына келтирүү  укугун кошо алганда, мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыны кассация тартибинде кайталап кароо укугун,  мыйзамдаштырып жөнгө салуу, , мурунку соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жол берилген катачылыктын натыйжасында укуктар жана мыйзамдуу кызыкчылыктар бузулган учурларда жана башка жол менен аларды  калыбына келтирүү мүмкүн  болбой турганда  соттук коргонуу формасы  катарында  колдонулуучу  кассациялык өндүрүштүнжаратылышына жана маанисине ылайыктуу болушу керек.  , гы

 

Мында, өтүп кеткен процессуалдык мөөнөттү ага карата объективдүү негиздемелер жок болгон учурларда же белгилүү мезгил өткөндөн кийин кайра калыбына келтирүүнү талап кылган жактардын соттук коргонуу укугун кыянаттык менен пайдаланууну алдын ала чара кѳрүү боюнча милдеттенме мыйзам чыгаруу бийлигине, ошондой эле  сот бийлигине жүктѳлгѳн.

 

Жогору турган соттук инстанциялар тарабынан иштерди кайра карап чыгууга карата колдонулган мыйзам чыгаруучунун мындай мамилеси иштелип чыккан эл аралык стандарттарга ылайык келет.

 

Ошентип, аракетте болгон укуктук жөнгө салуунун шарттарында, сот укуктуулугунун конституциялык максаттарынан улам, процессуалдык укуктун конституциялык жактан олуттуу принциптерине ылайык, сот соттук актынын мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып бир жылдан ашпаган мѳѳнѳттѳ кассация тартибинде даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүүгө укуктуу болгонКыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексинин  337-6-беренесинин 2-пункту Конституция тарабынан жар салынган соттук коргонууга карата укукту  жана жогору турган сот тарабынан ишти кайталап кароого карата укукту чектебейт.

 

Жогоруда айтылгандардын негизинде Конституциялык палата Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексинин 337-6-беренесинин 2-пунктун конституцияга ылайык  деп таанууну чечти.

 

Процессте төрагалык кылган                             КАСЫМАЛИЕВ Муканбет Шадыканович

Судья-баяндамачы                                      ОСКОНБАЕВ Эмиль Жолдошевич