Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Тартип уставынын 53-беренесинин 2, 3 жана 4-бѳлүктѳрүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ

2014–жылдын 11–июнунда Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтѳрүнүн Тартип уставынын 53-беренесинин 2, 3 жана 4-бѳлүктѳрү Конституцияга ылайык келет деп чечим чыгарды, аларга ылайык командирдин (зардалдын) чечими боюнча офицерлер менен прапорщиктердин жорук-жосундары жолдоштук абийир сотторунда каралышы мүмкүн; аскер кызматынан бошотуу жөнүндө жолдоштук абийир сотунун өтүнүчү боюнча чечим мындай укук берилген командир (зардал) тарабынан кабыл алынат.

 

Конституциялык палата, жолдоштук абийир соттун ѳтүнүчү боюнча аскердик кызматтан кадыр-баркты кетирүүчү негиздери боюнча бошотулган Бавабек уулу З. кызыкчылыгын кѳздѳгѳн А.М. Бекбоеванын кайрылуусун карап чыкты.

Арыз ээсинин пикири боюнча Тартип уставынын 53-беренесинин 2, 3 жана 4-бѳлүктѳрү жолдоштук соттун ишин иретке келтирүү менен, Конституцияга ылайык келбейт деп эсептейт, анткени сот атилеттиги сот менен жүзѳгѳ ашырылат, а жолдоштук соттордун уюштурулушу Конституцияда каралган эмес.

 

Конституциялык палата тараптардын жүйѳлѳрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп чыгып, тѳмѳнкүдѳй тыянактарга келди.

Сот адилеттиги Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор менен гана ишке ашырылат; талаш-тартыштарды жана карама-каршылыктарды чечүүчү башка бардык институттар адилет сот тутумуна кирбейт.

Конституцияда кандайдыр бир коомдук органды, анын ичинде жолдоштук абийир сотторун түзүү жѳнүндѳ жобонун жоктугу, аларды түзүүгө жана ишин жүргүзүүгө конституциялык тыюу катары каралбайт.

Конституциялык палата, арыз берүүчүнүн жолдоштук абийир сотторунун иштөөсүнө жол берилбеш керек деген далилдери негизсиз деп эсептейт, себеби Конституция, эреже катары, маанилүү жалпы мамлекеттик милдеттерди аткарган органдарды түзүүнү карайт.