Меню навигации+

«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзамдын 8-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн жана 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-абзацынын конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ

2014-жылдын 4-сентябрында Конституциялык палата «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын катоосу жок диний уюмдардын иш-аракетине, иштешине тыюу салуучу; диний уюм жашы жеткен, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын эки жүздөн кем болбогон жаранынын демилгеси боюнча түзүлчү маселелерин камтыган 8-беренесинин 2, 3- бөлүктөрү Конституциянын ченемдерине карама-каршы келбейт, ал эми  Мыйзамдын  10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-абзацындагы «…жергиликтүү кенеш менен макулдашылган» деген сѳздѳрдѳн турган ченем Конституциянын ченемдерине карама-каршы келет деген чечим чыгарды.

 

Арыз берүүчүлөр аталган Мыйзамдын талашылып жаткан ченемдери дин тутуу, биригүү укуктарына, эч ким туткан дини боюнча кодулоого мүмкүн эмес деген конституциялык жоболорго каршы келет деп эсептейт.

 

Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын иш боюнча берген түшүндүрмѳлѳрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.

 

Ар ким өз алдынча же башкалар менен бирдикте ар кандай динди тутуу же эч бирин тутпоо укугуна ээ. Ар кимдин биригүү эркиндигине укуктуулугун эске алганда, динди бирге тутуу бирикме түрүндө болушу мүмкүн (Конституциянын 32-беренесинин 2-бөлүгү, 35-беренеси).

 

Дин тутуу эркиндиги эки жактуулукту камтып, өзүнө жеке жана жалпы коомго каралган башталыштарды айкаштырат. Биринчи учурда, укук ар ким менен ѳз алдынча бул же тигил динди тандоо аркылуу ишке ашырылат, экинчи учурда, жаран башкалар менен бирдикте диний бирикмелерди түзүү жолу менен дин тута алат.

 

Баардык диний бирикмелер мыйзам алдында бирдей болуп, кандайдыр бир динди туткан адам же адамдар тобу болсо, башка диндин өкүлдөрүнө салыштырганда артыкчылыка ээ болбошу керек.   Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын диний уюм жөнүндөгү эсеби уюмдун иш-аракеттери менен декларацияланган баалулуктарынын арасындагы катыштыкты кѳрсѳтүүгѳ, диний жамааттын функцияларынын жана иш-аракеттеринин коомдук коопсуздугун баалоого мүмкүнчүлүк берет.

 

Диний уюм ыйгарым укуктуу органда эсептик каттоодон ѳткѳн учурда, уюмдун Уставында кѳрсѳтүлгѳн аймактын чегинде диний иш-аракеттерин жүргүзүүгѳ укуктуу.   Катталган диний уюмдун жолдоочуулары уюмдун ѳзүнүн жайгашкан жеринин чегинен тышкары диний иш-аракеттерин жүргүзүү укугуна ээ. Мыйзамдын ушул талаптарын башкача түшүнгѳн учурлары,тактап айтканда диний уюм катары кайрадан эсептик каттодон ѳтүү жѳнүндѳгү талаптар коюлган учурлар негизсиз жана Конституциянын 32-беренесинин ченемдерине ылайык келбейт.   Диний уюм коммерциялык эмес уюмдун бир түрү болуп эсептелет жана социалдык түзүмүнүн бѳлүмү. Диний уюмдар акыркы жылдарда коомдун активдүү элементтеринин бири болуп калгандыгына байланыштуу мыйзам чыгаруучу диний уюмдарды эсептик каттого алуу үчүн жогорулатылган талаптарды бекиткен. Бул талаптар дин эркиндигин чектѳѳ катары каралышы мүмкүн эмес.   Жергиликтүү кеӊештер мыйзамга ылайык жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет деп Конституциянын 112-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 4-пунктунан келип чыгат.

 

Бирок, «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» мыйзамдын 16-беренесине негизделгенде, «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жѳнүндѳгү» мыйзамга ылайык, эсептик каттоо боюнча функция (милдети) дин иштери боюнча мамлекеттик органга жүктѳлүп турганда, жергиликтүү маанидеги маселелерге таандык болушу мүмкүн эмес.

 

Жогоруда кѳрсѳтүлгѳн Мыйзам, жергиликтүү кеӊеш тарабынан жарандардын тизмесин макулдашууда баш тартууга алып келе турган учурлардын критерийлерин аныктаган эмес. Жол-жобо, мѳѳнѳт, макулдашуунун критерийлери маселесинде мындай укуктук так эместик талашылып жаткан ченемди ар кандай түшүнүү жана колдонууга алып келет. Диний уюмду түзүүнүн демилгечилеринин тизмесин макулдашууда жергиликтүү кеӊештер тарабынан баш тартуу, мыйзам менен бекитилген жол-жоболордун жоктугуна байланыштуу кайрылуучуларды сот тартибинде ѳз укуктарын коргоодон ажыратат. Бул ѳз кезегинде Конституциянын 35-беренесинде бекитилген биригүү эркиндигине болгон укукту бузууга алып келет.

 

Ишмердүүлүгү кандайдыр бир даражада жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгѳ таасир эте ала турган диний уюмдардын социалдык активдүүлүгүн эске алуу менен, мыйзам чыгаруучу мыйзамда диний уюмдардын тиешелүү аймакта ѳзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүү жѳнүндѳ ниетин жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу органдарына маалымдоо милдетин караштыруусу тийиш.

 

Бул иш боюнча  судьялар М.Ш. Касымалиев, Дж.М. Макешов, А.О. Нарынбекова, Ч.О. Осмонова, Э.Ж. Осконбаев К.С. Сооронкулованын  өзгөчө пикирлери бар.

 

Тѳрагалык кылуучу          Касымалиев Мукамбет Шадыканович

Судья-баяндамачы           Осмонова Чолпон Омоковна