Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 384-беренесинин жана 387-беренесинин 1-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ

2014-жылдын 07-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 384-беренесинин жана 387-беренесинин 1-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып жана ушул иш боюнча чечим чыгарды.

Жаран Е.В. Осинцевдин өтүнүчү ишти кароого себеп болду.

 

Маселенин тарыхы

Свердлов райондук соту Е.В. Осинцевге карата айыптоо өкүмүн чыгарган, анын пикири боюнча, ошол ѳкүм, Конституция менен кепилденген укуктарын бузган. Ошону менен бирге, көзөмөл инстанциядагы сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Мындан тышкары, арыз берүүчү Жазык-процесстик кодексинин 384-беренесинин жана 387-беренесинин 1-бѳлүгүнүн негизинде жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча тиешелүү материалдарды тиркѳѳ менен Башкы прокуратурага арызды берген.

Бирок, соттук териштирүү жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгѳнүн жана биринчи инстанциядагы сот тарабынан баардык кѳрсѳтүлгѳн талаптардын аткарылгандыгын кѳрсѳтүп, кѳрсѳтүлгѳн материалдар арыз ээсине кайтарылган.

 

Арыз ээлеринин позициясы

Кайрылуучу тарап эсептейт, Конституция тарабынан, атап айтканда, 40-беренеси менен кепилденген, ага ылайык ар кимге ушул Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилген, бирок ЖПКнын 384-беренеси ага укугун жүзөгө ашырууга жол бербегендигин белгилейт. Мындан тышкары, ЖПКнын 387-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жаңы ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү козгоо укугу прокурорго таандык. Ушуга байланыштуу, Е.В. Осинцев прокурор айыпты колдоо менен тергөөгө көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу адам деп болжолдойт. Ал бетте, тергөө жүргүзүлүп жатканда, процесстик тартип бузулгандыгы тастыкталган документтер табылган учурда, прокурор өзүнүн жеке каталарды таанууга жана жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү кайра баштоого кызыктар эмес. Мында, сот прокурордун токтому жок жаңы ачылган жагдайлар боюнча иш козгоого ыйгарымдуу эмес. Е.В. Осинцевдин пикири боюнча, бул ченем жарандардын сотко түздөн-түз кайрылууга мүмкүндүк бербейт жана сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын бузулган укуктарын майнаптуу ордуна келтирүүгө тоскоолдук түзөт.

 

Конституциялык палатанын позициясы

Кылмыш-процесстик мыйзам соттор тарабынан жазык иштерин кароо тартибин жөнгө салат, мындан тышкары, сот чечимдеринин мыйзамдуулукту камсыз кылуунун жана негиздүүлүгүнүн кошумча кепилдиги катары мыйзамдык күчүнө кирген соттук актыларды, ошондой эле жаңыдан ачылган жагдайларды кайра кароо мүмкүндүгүн карайт.

Белгилеп кетүү керек, жаңыдан ачылган иштер боюнча ишти кароонун эрежеси мыйзамдык күчүнө кирген чечимдерге гана жайылтылат, жана мыйзамдык күчүнө кире элек соттук чечим чыга электе, кылмыш процессинин башка стадиясындагы кандайдыр бир белгисиз жагдайларды табууга колдонулбайт. Мындай учурларда бул жагдайларды табуу бул стадияда колдонулуучу эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

Ѳзүнүн арналышы жана мазмуну боюнча жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча иштерди кайра баштоо, соттун акыйкаттуу ѳкүмүн камсыздоонун кадимки ыкмаларына толуктоочу механизм катары чыгат, жана резервдик мааниге ээ. Башка процесстик-укуктук каражаттар калбай калганда ал колдонулат, жана сот актыларынын акыйкаттуулугун адамдын жана жарандын укугун жана эркиндиктерин соттук коргоонун сөзсүз шарты катары кепилдик берүүгѳ, ошондой эле акыйкат соттун адилеттүүлүгү жана сот актыларынын туруктуулугу сыяктуу баалуулуктарды коргоого талап коюлган.

Кылмыш иш боюнча жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча иш жүргүзүүнү кайра баштоого негиздер болуп эсептелген жагдайларды карап, белгилей кетүү керек, мыйзам чыгаруучу соттук иликтөөнүн акыйкаттуулугу, укуктук аныктык, укуктардын туруктуулук принциптери менен ылайык келген жагдайлардын толук жана так аныкталган, ченелген критерийлерин бекитип берген. Буга байланыштуу, алардын конституциялуулугу күмөндүктү жаратпайт.

 

Мыйзам чыгаруучу жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү козгоо укугун прокурорго жана сотко таандык деп бекиткен (ЖПКнын 387- беренесинин 1-бөлүгү). Прокурор менен сот жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү козгой турган негиздерди чектөө зарылдыгы алардын ыйгарым укуктарынын жаратылышы менен шартталган.

Атап айтканда, жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо стадиясындагы прокурордун ишмердүүлүгү тергөө ишин жүргүзүп жаткан органдардын кызмат адамдарынын аракетинин мыйзамдуулугуна көзөмөлдү жүзөгө ашыруу боюнча ишине кирет (Конституциянын 104-берененин 2- пункту).

Жосундун жазалануусун четтетүүчү же жазаны жеңилдетүүчү (ЖПКнын 384- беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту) мыйзам күчүнө кирген учурда жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча соттук актыларды кайра кароо боюнча соттун укугу соттун ага тиешелүү эмес иш-милдеттери тергөө жүргүзүү, далилдерди табууну талап кылбагандыгы менен байланыштуу. Мындан алып караганда, мыйзам чыгаруучу жарандардын сотко тикелей кайрылуу мүмкүндүгүн жокко чыгарат, анткени бул укук колдонуучу практикада акталбаган кыйынчылыктарга алып келмек, анткени соттор институту иш жүзүндө тастыкталган далилдерди изилдөө боюнча гана ыйгарым укуктарга ээ.

ЖПКда бекитилген жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти козгоо тартиби ЖПКнын 387-беренеси, 388-беренеси менен тутумдуу байланышта колдонууну талап кылат. Көрсөтүлгөн беренелердин өз ара байланышы боюнча, жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо боюнча жарандар ар бир кайрылган учурда, прокурор жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүндө токтом түрүндө процесстик актыны кабыл алууга милдеттүү. Мындай тартип жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ар тараптуу текшерүүнүн талаптарына толук жооп берет жана прокурордун процесстик актысына кайра даттануу мүмкүндүгүнө ээ.

 

Ошентип, ЖПКнын 387, 388-беренелеринде түзүлгөн укук колдонуу практика, мүмкүн, жарандардын арызы жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кылмыш ишин кайра баштоого негиз камтыбаган учурда, жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү кайра баштоодо баш тартуу боюнча токтом түрүндө процесстик актынын прокурор тарабынан чыгаруу мүмкүндүгү бөлүгүндө, кылмыш-процесстик мыйзамдагы кенемтенин натыйжасы болуп саналат. Демек, мыйзам чыгаруучу, ЖПКдагы бул кенемтени толтурушу керек жана жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү кайра баштоого баш тартуу боюнча токтом түрүндө процесстик актыны прокурор тарабынан чыгаруу мүмкүндүгүн карашы керек.

Буга байланыштуу, Конституциялык палата жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо үчүн жана прокурордун укугун жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ѳндүрүштү козгоо үчүн негиздерди Конституциянын ченемдерине карама-каршылыктарды толук тизмегинде карабайт.

 

Ушул чечим боюнча судья Э.Ж. Осконбаевдын ѳзгѳчѳ пикири бар.

 

Төрагалык кылган                        Мукамбет Шадыканович Касымалиев

Судья-баяндамачы:                       Чинара Аскарбековна Айдарбекова