Меню навигации+

Жакшылык Жоомартович Кадыровдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релизи

 

 

2023-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту “Мында талапкер жеке каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгөт.” деген сөздөр менен баяндалган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү боюнча ишти карады.

Талашылып жаткан ченемдик жобого ылайык шайлоого талапкерди каттоонун шарттарынын бири болуп өздүк каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгүүнүн зарылдыгы саналат.

Арыз ээсинин пикири боюнча талашка түшкөн ченемдик жобо мыйзам чыгаруу органынын депутаттыгына талапкер катары каттоодо көрүүсү боюнча майыптарды бирдей эмес абалга коюп, аларды басмырлоого жол берет.

Конституциялык сот талашылып жаткан ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө, 37-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деген тыянакка келди. Бирок, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине колдонуудагы укуктук жөнгө салууга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, алардын саясий турмушка жана мамлекеттин иштерине кеңири катышуусун камсыз кыла турган компенсациялык механизмдерди караган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөө тапшырылды.