Меню навигации+

Конституциялык соттун 2023-жылдын 30-июнундагы Чечимин кайра кароо жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

 

2023-жылдын 9-ноябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 63-беренесинин 2-бөлүгүнүн айрым ченемдик жоболорунун жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча 2023-жылдын 30-июнундагы өзүнүн Чечимин кайра карап чыкты жана ага матроним (энесинин аты) институтун киргизүү зарылдыгын алып салган өзгөртүүлөрдү киргизди.

 

Мурда кабыл алынган Чечимге ылайык, турмуштук трагедияларды башынан өткөргөн жана психологиялык же дене боюнун травмасын алган, же сот актысы менен тастыкталган алардын жашоосундагы атасынын ролуна байланыштуу башка терс турмуштук тажрыйбасы бар, ушул себептен улам өзүнүн толук ысмынын элементи катары эркектин атын кабыл албаган адамдарга энесинин атын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү болжолдонгон, бул учурда мындай укукту алар толук аракетке жөндөмдүүлүккө, башкача айтканда 18 жашка чыкканда гана берүү болжолдонгон.

Мында Конституциялык соттун Чечиминде Кыргызстан СССРдин курамында болгон мезгилде киргизилген жана өз атын, фамилиясын жана атасынын атын камтыган ат коюу модели гана козголгон. Ал эми  кыргыздын улуттук каада-салты боюнча («уулу, кызы, тегин» дегенди көрсөтүү менен) ат коюунун тартиби такыр каралган эмес, бул туурасында Чечимдин өзүндө белгиленген.

 

 

Бирок, соттун мындай позициясы калктын басымдуу бөлүгү тарабынан матроним институтун жалпысынан кыргыздын адеп-ахлактык принциптерине, баалуулуктарына жана салттарына кол салган терс көрүнүш катары кабыл алгандыгына байланыштуу коомчулукта чоң резонанс жараткан.

 

Түзүлгөн жагдайларды эске алуу менен Конституциялык соттун төрагасы Э.Ж. Осконбаев 2023-жылдын 11-октябрында Конституциялык соттун кароосуна 2023-жылдын 30-июнундагы Конституциялык соттун Чечимин матроним институтун киргизүү бөлүгүн кайра кароо жөнүндө сунуштамасын киргизген.

Конституциялык сот, Конституциянын ченемдеринин конституциялык-укуктук маанисин аныктоо жана аларды түшүнүүдөгү аныксыздык маселелерин чечүү менен укуктук мейкиндиктин биримдигин калыптандырат, ошону менен укуктук мамилелердин туруктуулугун камсыз кылат, бул өзүнө  жеке жана коомдук кызыкчылыктардын ортосундагы акылга сыярлык тең салмактуулукту да колдоону камтыйт, мында олуттуу социалдык толкундоолор үчүн себеп жаралбайт.

Ушуга байланыштуу, укуктук мамилелердин бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын канааттандыруу жана алардын жаңы мыйзам чыгаруу идеяларын четке кагуусуна жол бербөө максатында ченем жаратуу ишин гана эмес, конституциялык сот адилеттигин да камтыган мыйзам чыгаруу ишинин механизми коомдук укуктук аң-сезимде өкүм сүргөн социалдык реалдуулукту эске алышы керек.

Матроним институтун киргизүү коомдун басымдуу көпчүлүгү тарабынан терс өңүттө кабыл алынганын эске алып, коомдук укукту жана жеке укуктун кызыкчылыктарын коргоо боюнча мамлекеттик институттардын укук коргоо ишинин тең салмактуулук принцибин сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 30-июнундагы Чечиминин жүйөлөштүрүү бөлүгүнүн 6-пунктун жана резолютивдик  бөлүгүнүн 2-пунктун алып салууну чечти.