Меню навигации+

Матцаков Самат Аскаровичтин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 432-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс – релиз

2024-жылдын 31-январында Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин (мындан ары – КЖПК) 432-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.
Арыз ээсинин жүйөлөрүнө ылайык талашылып жаткан ченемде соттолуучунун камакта кармалган убактысын, ошондой эле дарылоо мекемесинде болуу убактысын эсепке алуу жөнүндө арыз менен кайрылуу укугун караган пункт жок, бул сотко кайрылууга конституциялык укугунун бузулушуна алып келет.
Чечимде белгиленгендей, КЖПКнын 354-беренесинин 1-бөлүгүнүн
8-пунктуна ылайык, эгерде айыпталуучу өкүм чыкканга чейин кармалган болсо же ага карата камакта, үй камагында кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган болсо, же ал психиатриялык мекемеде жайгаштырылган болсо, камакта кармоо убактысын эсепке алуу тууралуу маалыматтар айыптоо өкүмүнүн резолютивдик бөлүгүндө көрсөтүлүүгө тийиш экендиги белгиленген. Өкүмдүн дал резолютивдик бөлүгү соттун расмий эркин камтыйт, тактап айтканда, аткарууга милдетүү болгон жазма буйрукту камтыйт. Ошондуктан, сот тарабынан ал токтом кылган өкүм чыгарылган учурда камакта кармоо убактысын эсепке алуу маселесин чечүү абдан маанилүү болуп саналат. Мындан четтөө процессуалдык мыйзамдардын ченемдерин жана талаптарын бузуу катары бааланышы жана сот актысын жокко чыгарууга алып келиши мүмкүн (КЖПКнын 421-беренеси).
Тиешелүү түрдө жазаны өтөгөн жери боюнча сот тарабынан жазаны жаңы эрежелер боюнча жаза өтөө мөөнөтүн аныктоо бөлүгүндө сот актысын кайра кароодон баш тартуу, ал эми колдонуудагы укуктук жөнгө салуу бул маселенин чечилишин өкүм чыгарган соттун укуктарына таандык кылат, ал эми бул маселе чечилбеген учурда – сот актысынын бул бөлүгүн жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого мүмкүнчүлүк берет, ар бир адамдын соттук коргонууга конституциялык укугун чектөө белгилерин түзбөйт.
Ошентип, Конституциялык сот Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 432-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 4-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деген тыянакка келген.