Меню навигации+

«Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын «ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралгандан башка учурлардан тышкары» деген сөздөр менен билдирилген 5-статьясынын 2-бөлүгүнүн жана 6- статьясынын ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

2024-жылдын 17-январында Конституциялык сот «Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын «ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган учурларды кошпогондо жол берилбейт» деген сөздөр менен билдирилген 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана 6-беренесинин ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана аларды Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапты.
Конституциялык сот өз Чечиминде, Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт деп белгилеген. Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишин мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат (10-берененин 2-бөлүгү). Сөз, басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышына тыюу салынат (63-берененин 1-бөлүгү).
Бирок ар бир демократиялык укуктук мамлекет өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугун, мамлекеттик жана саясий түзүлүштүн туруктуулугун, ар бир адамдын, жалпы эле коомдун укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын сактоону камсыз кыла турган баалуулук координаттардын, тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн системасына муктаж.
Андыктан, жогоруда айтылган конституциялык тыюу салуулар өздөрүнүн укуктук табияты жана мааниси боюнча абсолюттук мүнөзгө ээ боло албайт, бул Конституциянын цензурага жол берилбестигин жарыялаган ошол эле беренесинин мазмунунан ачык көрүнүп турат.
Алсак, Кыргыз Республикасында өсүп келе жаткан муунду коргоо максатында Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келген иш-чаралар мыйзам менен чектелиши мүмкүн. Чектелүүгө жаткан иш-чаралардын тизмеги, жеткиликтүүлүгү жана жайылтылуусу чектелген маалыматтардын тизмеги мыйзам менен белгиленет (Конституциянын 10-беренесинин 4, 5-бөлүктөрү).
Басмырлоого, кастыкка же зомбулукка чакырган улуттук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөөгө тыюу салынат (Конституциянын 32-беренесинин 4-бөлүгү).
Жогорудагы келтирилген конституциялык жоболор жана алардын аталган Мыйзамда ишке ашырылышы кинематография продукциясы коомго жана анын ар бир мүчөсүнө өзгөчө таасир тийгизип, жалпы адамзаттык жана маданий баалуулуктарды калыптандыруунун маанилүү фактору катары чыккандыгы менен шартталып, көп муундардын калыптануу процессине таасир этет.
Талашылып жаткан ченемдик жоболор жана ченемдер менен киргизилген чектөөлөр идеологиялык же субмаданияттык багытка ээ эмес, бүдөмүк жана түшүнүксүз формулировкаларды камтыбайт, тескерисинче, так чектери жана жөнгө салуунун белгилүү ыкмаларына ээ экендигин эске алуу менен Конституциялык сот алардын мазмунун цензура катары эмес, сөз эркиндигин жол берилген жана өлчөмдөш чектөө катары карайт.