Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

 

2023-жылдын 25-октябрында Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды.

Конституциялык сот өз чечиминде КЖПКнын 455-беренесинин 1-бөлүгүндө КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2, 3-пункттарында каралган башка негиздер боюнча ишти кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу ченем жаратуу технологиясынын талаптарын бузуунун натыйжасы болуп саналарын белгилейт, мында көрсөтүлгөн пункттарга талашылып жаткан ченемде талап кылынган шилтеме алардын мазмунун жана маани-маңыздык жүгүн эске алуу менен колдонулган эмес.

Мыйзам чыгаруучу талашылып жаткан ченемде концептуалдык мүнөздөгү эки кемчилик кетирген, биринчиден, соттун сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча конституциялык функцияларын ишке ашыруу, тактап айтканда КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу, ишти токтотуу,  жаңы соттук териштирүү үчүн  сотко өткөрүп берүү боюнча ыйгарым укуктарын чектеген, экинчиден  жазык иштери боюнча адилетсиз сот актылары менен бузулган жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын соттук коргоого болгон конституциялык укугун чектеген.

Башкача айтканда, кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра жандандыруу маселесин колдонуудагы укуктук жөнгө салуу кайтадан ачылган жагдайлардын бардык спектрин камтууга мүмкүндүк бербейт, натыйжада жазык иштери боюнча адилетсиз чечимдер жарандардын  бузулган укуктарын калыбына келтирүүнүн процесстик мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.

Ошентип, сот ишти сот отурумунда изилденген кайтадан ачылган жагдайлардын негизинде алардын каралып жаткан ишке тиешелүүлүгү предметине чечүүдө өкүмдү, аныктаманы, токтомду жокко чыгаруу боюнча өз укугунан пайдаланып, өндүрүштү КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган бардык негиздер боюнча кайра жандандырууга укугу болушу керек.