Меню навигации+

“Канцлер” ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөгөн Москаленко Александр Викторовичтин жана Плахутин Иван Викторовичтин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 373-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 375-беренесинин 1-бөлүгүнүн тиешелүү түрдө “иштин маңызы боюнча чыгарылган” жана “иштин маңызы боюнча” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жоболорунун, ошондой эле “Мамыр” АКнын кызыкчылыгын көздөгөн Адылов Эрнст Сабыровичтин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча Пресс-релиз

2023-жылдын 27-декабрында Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 373-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 375-беренесинин 1-бөлүгүнүн тиешелүүлүгүнө жараша «иштин маңызы боюнча чыгарылган” жана “иштин маңызы боюнча” деген ченемдик жоболорунун, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.
Жарандык процесстик кодекстин талашылып жаткан ченемдик жоболоруна ылайык, жаңыдан ачылган жагдайлар болуп мыйзамдуу күчүнө кирген, иштин маңызы боюнча чыгарылган талаштуу сот актысы кабыл алынган учурда бар болгон, арыз ээсине белгисиз болгон же белгилүү болушу мүмкүн эмес болгон жагдайлар саналат. Арыз ээлеринин пикири боюнча талашылып жаткан ченемдик жоболор менен талаштын маңызы боюнча эмес чыгарылган сот актыларына жаңыдан ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча арыз берүүгө тыюу салуу киргизилет. Мындай жагдай, арыз ээлеринин пикири боюнча, негизсиз жана адилетсиз, бул өз кезегинде соттор тарабынан сот адилеттигин жүргүзүүнүн объективдүүлүгүнө күмөн жаратат.
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгүнүн талашылып жаткан ченемине ылайык жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча соттун чечими, доону кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама, иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама, доо арызды кароосуз калтыруу жөнүндө аныктама гана кайра каралышы мүмкүн. Арыз ээси сот актыларынын көрсөтүлгөн тизмеси Конституциянын 23-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына карабастан кабыл алынган деп эсептейт, анда Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан деңгээлде адамдын укуктарына жана эркиндиктерине мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес экендиги каралган.
Конституциялык сот “иштин маңызы боюнча чыгарылган” деген сөздөр менен баяндалган Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 373-беренесинин 1-бөлүгүнүн, ошондой эле ушул эле Кодекстин “иштин маңызы боюнча” деген сөздөр менен баяндалган 375-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдик жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 4, 5-бөлүктөрүнө, 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деген тыянакка келди.
Чечимде жаңыдан ачылган же жаңы жагдайлардын болушу иш үчүн принципиалдуу мааниге ээ экендиги белгиленген, анткени ал чыгарылган сот актысынын мыйзамдуулугуна күмөн жаратат. Бул жагдайлар ачылган учурда сот соттук актыны кабыл алат, муну менен мурда кабыл алынган жыйынтыктоочу сот актысы жокко чыгарылат жана иш боюнча өндүрүш кайра жандандырылат. Мындай өндүрүштүн натыйжасында сот иштин бардык жагдайларын кайра карап чыгуу менен, өзгөргөн жагдайды эске алып, мурунку сот актысын жарым-жартылай же толугу менен жокко чыгаруу чечимин кабыл ала алат, муну менен иштин катышуучулары үчүн укуктук кесепеттер түп-тамырынан өзгөрүшү мүмкүн. Мурдагы сот актысын жокко чыгаруу менен иш боюнча өндүрүштү кайра жандандыруу фактысы ишке катышуучу бардык тараптар үчүн фундаменталдуу мааниге ээ, ушуга байланыштуу бул жөнүндө сот актысы ишти маңызы боюнча кайра кароодон жана жыйынтыктоочу акты кабыл алынгандан кийинки баскычка жылдырылышы мүмкүн болгон актылардын катарына кирбейт.
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 17-мартындагы Чечиминде билдирилген укуктук позицияга ылайык келбеген көлөмдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 4-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп табылган.
Алсак, Чечимде Административдик-процесстик кодекске киргизилген өзгөртүүлөр өзүнүн мазмуну боюнча көрсөтүлгөн Чечимде баяндалган бардык укуктук позицияларды толук көлөмдө камтыбагандыгы белгиленген. Тактап айтканда, талашылып жаткан ченем адамдын субъективдүү укуктары жана юридикалык милдеттери анын негизинде токтотула турган, бөгөт коюучу мүнөзгө ээ аралык сот актыларын жаңыдан ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо мүмкүнчүлүгүн белгилейт. Ошол эле учурда бул тизме сот өндүрүшүнүн жаңы өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этүүчү актыларды камтыбайт, аларга доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү, ошондой эле соттун чечимин жокко чыгаруу жана жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү кайра жандандыруу жөнүндө актылар кирет.